Menu

Варшавада тажик делегациясы менен оппозиция өкүлдөрүнүн мушташы иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Өлкөнүн тышкы карызы жөнүндө маселе коомчулукту тынчсыздандырып, ар кандай кайчы пикирлер айтылууда.

Бири “4 миллиард 139 миллион 280 мин доллар Кыргызстан үчүн ото эле кол, анын негизги суммаларын толей албай дефолтко учурашыбыз же алтын валюталык резервдерибизден айрылып калуубуз мүмкүн” дешсе, экинчилер” бюджепи секвестр кылуу керек, антлесе Кытай жерибиздин бир белүгүн Тажикстан менен Пакистандыкындай кылып тартып алып коёт”- деген ликирлерди айтышууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев да бул маселе боюнча билдирүү жасап, “өлкөнүн тышкы карызынын көлөмүнүн ички дүң жыйымга карата 48 пайыздын тегерегинде болуусу дүйнөлүк практика-да тынчсыздандырарлык эмес, нормалдуу көрүнүш катарында эсептелет”- деди. Ака-евдин тушунда тышкы карызыбыз ИДЖга (ички дүң жыйым) карата 120 пайызга жеткен учурлар болгон. Андай сырткы ка-рыздары бар өлкөлөр дүйнөдө азыр деле аз эмес экендигин айтып, өзү бийликте турган убакта экономиканын өнүгүшү, сырттан каражаттарды тартуу боюнча чындыкка коошпой турган бир катар сандарды келти-риптир.

Ал сандарга төмөнүрөөктө токтолобуз, мында коз карандысыздыктан бери алын-ган сырткы карыздар, алар кайсыл бий-ликтердин тушунда алынгандыгы жөнүндө маалымат бергибиз келет.

АТАМБАЕВ СЫРТКЫ КАРЫЗДАРДЫ ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙТКӨН

Аскар Акаевдин 15 жылдык башкаруу-сунун убагында Кыргызстан чет мамлекет-терден жалпы көлөмү 1,88 миллиард, Кур-манбек Бакиевдин 5 жылдык башкаруусу убагында 730 миллион доллар, Роза Отунбаева Кедейкандык кылган 1,5 жыл ичинде 190 миллион доллар, ал эми Алмаз Атамба-евдин 6 жылдык башкаруусунда 1 миллиард 339 миллион 280 миң доллар кредит алын-ган. Акаевдин тушунда алынгандардын көбү улуттук валютанын курсун кармоого, анан Бишкек-Ош жолун реабилитациялоо-го, ал эми К.Бакиевдин тушунда алынгандардын көбү жолдорду реабилитациялоо-го жумшалды. Р.Отунбаеванын убагында алынгандар эмнеге жумшалгандыгын бил-бейбиз, алардан көзгө көрүнөрлүк эч нерсе калбады. Ал эми А.Атамбаевдин убагында алынган кредиттер жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр чубалгысын тартууга, анан альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолун курууга сарпталды жана сарпталууда.

АЛЫНГАНДАР РЕАЛДУУ ЭКОНОМИКАГА ЖУМШАЛГАН ЭМЕС

Мындан көрүнүп тургандай коз ка-рандысыздыктан берки алынган кредиттер туруктуу жумушчу орундарын түзүп, заманбап продукцияларды өндүргүдөй реалдуу экономикага эмес, дээрлик бар-дыгы социалдык инфратүзүмдөргө, сомду тейлөөгө гана жумшалган. Экономикабыз-дын өнүкпөй жаткандыгынын негизги се-беби ушунда. Эгерде мигранттар которгон акчалардын көпчүлүгү маараке-тойлорго жумшалса, сырттан алган карыздарыбыз-ды жолдорубузду оңдоп, жаңыларын ку-руп, чубалгыларды тартууга жумшоодобуз. Эгерде алар атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгара турган өнөр жай ишканаларын курууга жумшалса, азыр экономикалык, социалдык жактардан эки эсе жакшы абалда болмокпуз. Тилекке карты, А.Акаевди, К.Бакиевди убагында “өлкөнүн сырткы карыздарын көбөйтүп, бизди банкроттук абалга жеткирди. Өнөр жай ишканаларын курбады” деп аёосуз сындагандардын бири А.Атамбаев болсо, ал алты жылдык башкаруусунун убагында 15 жыл башкарган Акаевдикине барабар, 5 жыл башкарган К.Бакиевдикинен 2 эсе коп сырткы карыздарды алган менен бир да ири ишкана курбады, өлкөнүн экономикасын-дагы терс баланстарды нормалдаштырууда кымындай да жылыш жасай албады. Муну ачык айтуу керек.

Экономикадагы диспропорциянын тереңдөөсүнө экс-ажо чоц салым кошкон

Экономикалары нормалдуу, туруктуу өнүгүү жолунда бараткан олколор үчүн тышкы карыздын ИДЖга карата 48 пайыздын тегерегинде болуусу тынчыз-дандырарлык деп эсептелбейт. Бирок, маселенин баары биздин экономикабыз-дын нормалдуу эместигинде. Бюджеттин тацсыктыгы жыл сайын анын 15-20 пайы-зын түзөт, динамикалуу ишенимдүү өнүгүү жок, А.Атамбаевдин бийлигинин алгачкы 3 жылында, ал өзү мойнуна алгандай эко-номикада өсүү да болбогон, экспорттон импорттун көлөмү бир нече эсе жогору, нефти, газ ресурстарыбыз жокко эсе, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чы-гаруучу ири онор жай ишканаларыбыз жок. Анын үстүнө тышкы карыздардын негизги бөлүктөрүн үстөктөрүнө кошуп төлөөнүн пики 2019-2025-жылдарга туура келүүдө. Бул жагынан аракеттеги президент, окмот аябагандай чоц сыноого туш болгону турат. Өлкөнүн мындай абалга тушуктурууда экс-президенттин да салымы бар экендигин айтуу зарыл.

КРЕДИТТЕР МЕНЕН ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ЧАТАШТЫРГАН АТАМБАЕВ

Экс-президенттин бийликте турганда деле кредиттер менен инвестицияларды, меморандумдар, декларациялар, ошондой эле келишимдерди алмаштырып, чаташтырып сүйлөй бермей адаты бар болчу. Бул ирет да тактоону талап кылгыдай бир топ сан-дарды келтириптир. Ал өз билдирүүсүнүн бир жеринде “мен премьерлик жана прези-денттик кылган мезгилдерде жалпы сумма-сы 2,9 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө төлөмсүз гранттык жардамдарды алуу бо-юнча келишимдер түзүлгөн” десе, экинчи жеринде “мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Кыргызстанга 3,5 миллиард АКШ доллары суммасындагы төлөмсүз жардамдар тартылган жана 550 миллион АКШ доллары суммасындагы карыздарды жокко чыгарууга жетишкен” дейт. Булар эң эле сылык айткан-да, кудайды карабаган эпсиз апыртмалар. Билгенден экс президенттин тушунда Кытай, Түркия, Россия сыяктуу өлкөлөр азыраак гранттарды беришти, бирок жогоруда ай-тылгандай көлөмдөгү төлөмсүз жардамдар, гранттар коз карандысыздыктан бери деле өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу алынган-дарды кошкондо да келген эмес. Эгерде чын эле тартылса, алынса, алар каякка кеткен? Анда Бишкек ТЭЦин модернизациялоого, альтернативдүү жолду курууга, Датка-Кемин чубалгысын тартууга кредиттерди алуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Тилекке карты, экс-президенттин мында кредиттерди, жардамдарды, гранттарды, анан аларга ме-морандумдагыларды, фантазиядагыларды да кошуп уруп жибергендиги көрүнүп турат.

Россиянын жардамдарына келе турган болсок, ал АКШнын “Манас” аэропортунда-гы авиабазасын чыгарып кетүүгө төлөнгөн кенемтелер. Кыргызстандыктар авиабазадан жыл сайын 150 миллион долларга жакын киреше алып келишсе, Россия ал жоготуула-рыбызды карыздардын бир бөлүгүн кечүү, фонду түзүп берүү аркылуу жапкандыгы чындык. Анан эл аралык практикада келе-чексиз өнүмсүз карыздарды бардык эле мам-лекеттер кечүүгө аргасыз болушат. Алсак, Владимир Путин Өзбёкстандын 700 миллион долларлык, Кубанын 20 миллиард, Эфиопия, Ангола сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн 5-6 миллиард долларлык карыздарын кечти.

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТАРКАТКЫСЫ КЕЛГЕН КИМ ЖЕ АЛ ДА АТАМБАЕВДИН КАЛПЫ БЫ?

Экс-президент билдирүүсүндө өзүн Кыргызстандын сактап калуучусу ката-рында көрсөтүүгө аракеттениптир. Ал чындыкка таптакыр коошпойт. 2010-жылы сепаратист Кадыржан Батыровду кайра-кайра кабыл алып, аны радикалдуу чара-ларга түрткөндөр ким экендигин, өлкөнүн түштүгүндөгү жаңжалдын чыгуусуна ким-дер себепкер болгондугун Батыров 2010-жылдан бери жадабай кайталап келатат го! Июндагы оор убакта экс-президенттин он күн дайынсыз жоголуп кеткендигин да Кыргызстандыктар унутушпайт. Эгерде ошол убакта КМШнын президенттеринин бири чындап эле Кыргызстанды үчкө бөлүп, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга кошуп салууну сунуштаса, андай маселенин көтөрүлүшүнө түздөн-түз күнөөкөрлөр А.Атамбаев баштаган временшиктер болуп саналышат. Кыргызстанды майдалагысы келген президент ким экендигин эмне үчүн А.Атамбаев ачык айткан эмес? Же ал да анын көп калптарынын бириби?

2010-жылдын июнундагы коогалаңдар үчүн жооп берер мезгил алдыда. Временшиктер ашыгышпай турушса, ал күн сөзсүз келет.

Бир сөз менен айтканда, Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунун убагында өлкөнүн сырткы карыздары эки эседей көбөйүп, алынган кредиттердин баары коррупциялык жаңжалдары чыгып жаткан долбоорлорго жумшалгандыгы, макроэ-кономикалык көрсөткүчтөрдө сезилерлик позитивдүү жылыштар болбогондугу чындык. Экономикалык өсүштө, макроэконо-микалык көрсөткүчтөрдө Атамбаев өзү тынбай шыбап келаткан К.Бакиевге да жет-пегендигин калыстык, чындык үчүн ачык айтпасак болбойт.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: