Menu

Кудайбердиева министрликтен кетпесе, Афганистанга айланабызбы?

Бөлүшүү:

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева (Кудайдын мурдунан түшсө дагы) кызматынан кетпесе болбой калды. Жөнөкөй гана мисалдарды келтирели. Окуу жылы башталганы өзгөчө Бишкек шаарынын мектептериндеги абал аянычтуу. Ар бир класста окуучулардын саны 40-50дон ашып кетти. Мындай шартта өспүрүмдөр кандай билим аларын элестетип көргүлө. Жылыга дал ушундай көйгөйлөр кайталанат, быйыл чектен ашып кетти. Министрлик алдын ала эч кандай чараларды көргөн жок. Ал эми бала бакчалардын ар бир группасында наристелердин саны 50-60ты чапчыйт. Бул эмнени билдирет? Бийлигибиз тестиер балдардын келечегине кам көрбөй жатканын айгинелеп атпайбы? Негизи Кудайбердиева аталган министрликтин башына келгени Кыргызстандагы билим берүү системасы кескин түрдө начарлап кетти. Жогорку окуу жайлардан бала бакчага чейин сереп салып көргүлө, деги бир алдыга өсүү бар бекен? Паракорлук, сабатсыздык күчөп баратат. Жаңыча умтулууну, реформаны көрө албадык. «Өгүз өлбө, араба сынба» деген эски жүрүштө келатабыз. Тескерисинче, медреселерден билим алуу өнөкөтү күчөдү. Афганистан жыттана баштады… Кыскасы, Кудайбердиеваны жасалма түстө кызматында кармап отура берип, келечек муунубуздун эртеңкисине биротоло балта чаап албайбызбы? Кайдыгерликтин чеги болуш керек да!

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: