Буга чейин ЖК спикери Дастан Жумабековдун ээлеген ордунан жылмышары талкууга алынып атты эле. Тилекке каршы, анын кызматта илинип туруусу узартылганы белгилүү болду. Ортого таасирдүү жакындары түшкөнбү, айтор, жогору жактын көңүлүн кайрадан тапканы менен креслосун убактылуу мезгилге чейин сактап калыптыр. Ашып кетсе жарым жыл тырмышаттыр, андан кийин кандай гана сыйкырдуу күч чырмаса да көптүн бири катары өз ордун тапса керек. Бүгүнкү бийликтин сересинде Жумабековдой ортозаар кадрлар иштеп атканы жашыруун деле эмес. Мындайлар ийкемдүү, каалагандай калчаса боло турганы үчүн карьера жасап атышат да, туурабы? Ошон үчүн элдин жашоосу оңолбой артка кетип атканыбызды кантебиз?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ