Menu

ИИМ: Бала сатуу фактысынын артында атайын топтор болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Бишкекте бала сатууга шектүү катары кармалгандардын баарында өздөрүнүн документтери жана атайын мөөрлөрү болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, алар документ жасап жүргөн. Азыр кылмышка шектүү үч киши камакка алынды. Козголгон кылмыш иштин артынан көп факты ачыкка чыгышы ыктымал:

– Булардын аркасында абдан көп киши катталган. Бирөө Чүй облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн. Булардын баарында өздөрүнүн документи болгон, жасап жүргөн, атайын мөөрлөрү болгон. Суранычтар менен кээ бирөөнөн акча-тыйын алгандары бар, айрымдары жакын туугандарга ортомчу болуп балдарга документтерди даярдап берген. Ошол себептүү азыр үчөө №1 тергөө абагына камалды. Андан сырткары ушуга тиешелүү бир катар шектүү дарыгер кызматкерлер бар. Алардын үстүнөн дагы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Атайын топ иштеп жатат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында мунун артынан дагы көп нерселер такталышы керек. Ошонун алкагында мындан да көп фактылар чыгышы мүмкүн болуп жатат. Менин тууганым эле деп кол койдуруп кеткен учурлар да болуп жатат. Мындан сырткары да топтор чыгышы мүмкүн, – деди Сеитов.

Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалган. Окуя кайсы медициналык мекемеде болгону жана канча дарыгер кармалганы тууралуу милиция азырынча маалымат бере элек. Бирок шектүү дарыгерлер №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштегени «Азаттыкка» маалым болду.

Кыргызстанда ымыркайды соодалагандар Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (“Адам сатуу”) менен жазага тартылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: