Menu

Тажикстанда ишкана чатырына «ИМ» тобунун желегин илген адам соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстанда Вахш райондук соту өндүрүш ишканасынын чатырыны «Ислам мамлекети» тобунун желегин илген жергиликтүү тургун Курбонали Партоевди эки жылга эркинен ажыратты. Ишкананы өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын маркум лидери Саид Абдулло Нуринин жээни Нусратулло Саидов жетектейт.

«Курбонали Партоев менен бирге анын шериги Тохир Партоев дагы эки жылга эркинен ажыратылды. Соттун бул өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди», — деп билдирди соттогу өз булак.

Быйыл февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын (УКМК) өкүлдөрү Вахш районунун Тажикабад айылынан «Ислам мамлекетинин» беш желегин табышкан. Аталган террордук топ менен кызматташат деген шек менен онго жакын жергиликтүү тургун кармалган. Анда маалымат каражаттары Ислам кайра жаралуу партиясынын негиздөөчүсүнүн жээни Нусратулло Саидов дагы кармалганын билдиришкен. Бирок ал ошол эле күнү видеокайрылуу жасап, сурак бергенден кийин кое берилгенин айткан.

Тергөө маалында атайын кызмат камалган Курбонали Партоевдин ИМ тобу менен байланышы жок экенин аныктаган. Сурак маалында ал кара желектерди ишкананын жетекчисин каматуу үчүн даярдаганын билдирген.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, 2015-жылдан бери «ИМ» тобуна кошулуу үчүн Сирия менен Иракка өлкөнүн эки миңден ашык жараны кетип, алардын кеминде 300ү мерт болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: