Ошентип, майрамдар да өтту. Эгемендүүлүк менен ДКОнун салтанаттарына алаксыганча күз да келди. Алдыбызда саясый, экономикалык, социалдык көйгөйлөр баштан ашып турат. Башкасына акылыбыз жетпесе да, эмнеге камакта жаткан саясый туткундарды бошотууга келгенде эркибиз тушалууда? Маселен, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Мелис Аспеков ж.б. кыргыздын белдүү азаматтары болбогон эле жалаалар менен кармалып отурушат го? Өткөн 31-августтун урматына, эгемендүүлүк күнүнө карата сентябрда мунапыс чыгартып, адилетсиздиктин айынан түрмөдө отургандарды эркиндикке бошотушса бийликтин кадыры өсмөк. Айкөлдүк, кечирим беруу Кудай жолундагы иш эмеспи.
Кубат Карачев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ