Menu

Видео – Каржы полициясы: Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) “В.К.” деген жаран Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматчысы өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, анын (ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жараксыз болгон) уулун аскер кызматына чакырам деп коркутуп, 25 миң сом суммадагы акча каражатын талап кылгандыгы тууралуу арызы менен.

ЭККМКнын чогултулган материалдары боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-б. (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-бер. 2-б. (пара талап кылуу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

2018-жылдын 12-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында ЭККМКнын кызматкерлери Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарынын орун басары “Б.Д. деген жаранды өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармашты.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: