Menu

Бишкекте мас абалында машине айдап бараткан түрк дипломаты Каража Эркан кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте бир тарапка кеткен көчөдө эреже бузуп айдап, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалып, кийинчерээк мас абалында рулга отурганы айтылган адам Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери экени кабарланды.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдиргендей, ал 12-сентябрга караган түнү Бишкекте туура эмес багытта машине айдап баратканда токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочу, Каража Эркан аттуу адам спирттик ичимдик ичип алып рулга отурганы белгилүү болгон. Натыйжада ага карата протокол түзүлүп, материалдар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ошол күнү КТРКнын “Телекүзөт” программасы жол коопсуздук кызматкерлери менен чогуу рейдди тарткан учурда Каража Эркан өзүн Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин атташеси, дипломат катары тааныштырып, тиешелүү документтерин көрсөткөн.

Түрк элчилигинен комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстанда чет элдик дипломаттардын жол эрежесин бузганы, аварияга кабылган учурлары буга чейин да орун алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: