Menu

Турат Мадылбеков, экс-депутат: Жайылдыктар президентке кайрылууга аргасыз болууда

Бөлүшүү:

Жыл башында өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланып, чечилбей турган маселелер чечилчүдөй элет эли кубанып алды эле. Бирок, көпчүлүгүнүн үмүттөрү таш каап, баягыдай өкмөт кашаңдыгы менен эң жөнөкөй маселелерди да чече албай кечеңдеткени үчүн эл эзилип келет. Жайыл районун элинин атынан эки маселе боюнча кайрылуу келип түштү.

– Турат мырза, Жайыл районунун элинен биздин редакцияга кайрылуу келип түштү. Мурда депутат болуп турганыңызда жайылдыктар сизге көйгөйлөрү менен кайрылышыптыр. Ал иштерде жылыш болуп, кайра токтогон экен. Бугүн ал маселелер боюнча өз оозуңуздан уксак?

– Жайыл районун эли эки маселе боюнча өкмөттүн кашаңдыгына көптөн бери нааразы болуп келишет. Биринчиси – Жайыл районундагы «Жунда» заводу турган жер мурда иподдром болчу. Ошол ипподромдун ордуна завод салып коюшту. Ары күн батыш тарабындагы чөп өспөгөн таштак жерди ипподром кылалы десек, ал жер жайытка кирип калыптыр. Эми ошол маселени чечүү үчүн 2015-жылдан бери өкмөткө бир нече ирет кат жолдодук. Ал кездери Жогорку Кеңештин депутаты катары мен да кайрылып, ЖКда бул маселе көтөрүлүп, өкмөткө бир канча каттар берилди. Андан бери төрт жылга аяк басты. Дагы деле ал жер трансформация болбой келет. Чөп өспөй кагыраган жер жаңылыш башка категорияга кирип калган экен. Эми ошону ипподром кура турган категорияга которуш керек. Ал эч кимдин менчигине өтпөйт. Ошол эле айыл өкмөттүн карамагында калат. Жөн гана категорияны которуп бере албай өкмөт элди күттүрүп да, эзип да келет. Элдин чыдамы кетип, айрыкча ат үстүндө ойногон улакчылар зарыгып күтүүдөн чарчашты. Депутат болуп турган учурумда премьер-министр, вице-премьер-министр Т.Сарпашев менен сүйлөшүүлөр болуп, ал жерди трансформациялап, ал гана эмес ипподром курганга да жардам берүүгө ниеттенишкен. Бирок өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей келет.

– Элди кыйнаган экинчи маселеңиз кандай?

– «Жерди инвентаризациялоо» деп коёт. Союз убагындагы өздөштүрүлгөн кайракы жерлер жайытка кирип калган. Эми ошолордун баарын кайра айдоо жерлерине айлантыш керек. 2017-жылы өкмөт «Кыргызстандагы жерлердин баарын инвентаризациялаш керек» деген чечим чыгарган. 2018-жылы бүтүш керек болчу. Бүтөрүнө 2-3 айдай эле убакыт калды. Бирок, документтердин баары даяр эмес. Эл, район аксакалдары өкмөткө чала берип, алар убада бере берип, жыйынтык жок. Бир жарым жылдан бери жылыш болбоду. Айыл өкмөттөрү ал жерлерди ижарага берип, бюджетин толтуруш керек. Эл дагы ошол жерди пайдаланып, үй-бүлөсүн баксын да. Мына ушул боюнча президенттин указын аткаруучу органдар, өкмөткө караштуу ведомстволор эч кандай иш алып барышкан жок. Баягыдай эле кайдыгерлик. Бири-бирине шылтамай. Мамлекеттик каттоо кызматына шылташат.

Каттоо кызматындагылардын эл менен иши жок. Президент «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жакшы мыйзам кабыл алган. Ал эми анын кол алдындагылар өз милдеттерин өтөбөй келет. Мен айткан маселелерде эч кандай материалдык каражат талап кылынбайт. Жөн гана керектүү кагаздар менен жакшы иш аткарыш керек. Ошону жасабай жатышат. Жеке эле Жайыл району эмес, жалпы өлкөбүз боюнча инвентаризация бүткөрүлүшү шарт. Жер маселеси аягына чыгыш керек эле. Бирок өкмөтгүн, өкмөтгүн алдындагы кызматкерлердин кашаңдыгына, кайдыгерлине эл нааразы. Биздин бул маселелерибиз жакын арада чечилбесе, сентябрь айынын аягында түздөн-түз президенттин өзүнө кайрылууга эл аргасыз.

Азырынча бул козголгон эки маселе боюнча өкмөт тарабынан тез арада чаралар көрүлөрүнөн үмүттөнүп атабыз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: