Атамбаев кайра-кайра Өмүрбек Бабановду издетип, аны менен сүйлөшүүгө жол таба албай койгону чынбы? Бизге куш тилиндей кызык кабар келди. «Саясаттан кеткеним ырас, шайлоодон жеңген Сооронбай Жээнбековго эч качан тоскоолдук кылбайм, ага ийгилик каалап, көмөк көрсөтөм. Ал киши мага жамандык кылган эмес. Баардык кылмыш иштерди козготуп, куугунтук жасаган, жакындарымды коркутууга алган эски бийлик» деп Бабанов тар чөйрөдө бизнес шериктештерине айтканы бизге чейин угулууда. Жакында Өмүрбек мырза Москванын көчөсүндө кыргыз балдар менен жолугушуп, сүрөткө түшүп жатып, «мекенимди сагындым» дептир. Натыйжада, Бабанову кодулабай, тескерисинче, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн күчүн алсак пайдалуу болбойбу?..
Байым Кайсынов
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ