Menu

Аида Салянова, экс-генпрокурор: “2014-жылы президент Атамбаев жана мен жашаган мамлекеттик резиденцияга кол салуу болгон”

Бөлүшүү:

Экс-генпрокурор Аида Салянованын журналист Бермет Букашевага берген интервюсунун айрым урунттуу учурларын жарыялайбыз:

Аида Салянова: “2014-жылы сентябрда президент Атамбаев, мен жана башка чоң кызмат орундарында иштеген адамдар жашаган мамлекеттик резиденцияга кол салуу болгон…

Бермет Букашева: Кол салуу сизге болгонбу?

Аида Салянова: Жок, бизди кайтарган солдатка кол салышкан. Солдаттан Аида Салянова кайда жашайт, конкретно кайсы үйдө турат деп сурашкан. Бирок бийлик бул окуяга көңүл бурбай да койгон. Бул окуя 2014-жылдын сентябрынын экинчи жарымында, менин жолдошума каршы ТЭЦке көмүр ташып жеткирүү боюнча айып тагып жаткан учурда болгон. Ошол жылы сентябрь, октябр, ноябрь  айларында массалык маалымат каражаттары аркылуу мага болуп көрбөгөндөй чабуулдар башталган.  Ал эми декбрда мен кызматтан кеттим. Бул кол салуу мени коркутуу үчүн болгон. Ал кезде мени минтип коркуткусу келген көп кишилер бар эле. Мени таң калтырганы бул кол салууга бийликтин реакциясы болду. Эч нерсе болбогондой, эч кандай реакция жасашпады. Ошол солдатка кол салуу бүгүнкү күнгө чейин ачылган жок”

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: