Menu

Алмаз Акматалиев, саясый серепчи: Түрк бийлиги Кыргызстанга катуу талап койгонго укугу жок

Бөлүшүү:

– Алмаз агай, түрк президенти Эрдоган келип, «Сапат» мектептерин жабасыңар да, ордуна «Маарифти» ачасыңар» дегендей эле талап коюп кетти. Буга кыргыз бийлиги макул болгон жок. Бул кыргыз-түрк мамилелерине кедерги болбойбу?

– «Маарифтин» келиши же келбеши азырынча так чечиле элек. Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» фондусу меморандумга кол коюшту. Бул «каршы эмеспиз, келе бергиле» деген эле сөз. Экинчиден, министрлик деле, эл деле ал фонд тууралуу маалыматтары жок. «Маариф» -диний фонд. Түркиянын билим берүү министрлигине да тиешеси жок. Башкача айтканда, президент Эрдогандын алдында түзүлгөн фонддордун бири. Ошол себептен, ага байланыштуу маселеде так кесе жооп берүү президент үчүн да кыйын болду, менимче. Түрк бийлиги «Сапатты» толугу менен жаап, азыркы иштеп жаткан мектептерди «Маариф» фондусуна өткөрүп беребиз» деп максат коюшканбы? Бирок, биздин президент Жээнбеков буга макул болгон жок. «Келе бергиле, бирок, биз «Сапатты» жаппайбыз, коркунуч туудурса, террордук кандайдыр бир иш-аракеттери байкалса, анда мыйзамга ылайык көзөмөлгө алып, жазага тартканга даярбыз» деген сөздү айтгы. Эң туура жооп болду. Башка сөз деле болушу мүмкүн эмес. Биз парламенттик-демокатриялык, укукту сыйлаган мамлекетпиз.

– 25 жылдан ашык убакыттан бери «Себат-Сапат» мектептери экстремисттик, же кандайдыр бир козголоңчу катары эмес, үлгүлүү жагы менен алдыга умтулуп келатышканын байкайбыз, туурабы?

– Ооба, «Сапат» мектеби башынан эле Туркия бийлигине эч кандай тиешеси болгон эмес. Жеке уюмдун атындагы жеке менчик мектеп. Ээси Фетхуллах Гулен. Бирок, мектеп Кыргызстандын окуу-билим стандарттары менен окутуп жатат. Кыргыз балдары окуп, керек болсо 90 пайыз мугалимдери да кыргыздар. Ошон учун түрк тарап эл аралык мамилелер жагынан да, дипломатиялык жактан да катуу талап койгонго укугу жок. Себеби, бул биздин мектептер.

– Түрк лидерлеринин тирешүүсүнөн Кыргызстан жапа чекпеши керек да…

– Гулен менен Эрдогандын ортосундагы мамиле – Туркиянын ички мамилеси. Эмне үчүн ички келишпестиктерин кыргыз-түрк мамилелерине чыгарып жатышканы мен үчүн түшүнүксүз. Андай болбошу керек. Эгер биз бири-бирибиздин көз карандысыздыгыбызды сыйлаган мамлекеттер болсок, анда мындай талаптар болбошу керек. Бул нерсе биримдикке алып барбайт.

– «Маариф» диний сабактарга басым жасаса, биздин мыйзамдарга туура келбейт да?

– «Сапат» иштей берет. «Маариф» деле келем десе, келе берсин. Көрөлү. Бирок, өлкөнүн да талаптары бар, аны алар аткарууга милдеттүү. Биричиси, «тигини жаап, ошонун ордуна келем» деген талап кабыл алынбаш керек. Экинчиси, «Маариф» дагы Кыргызстандагы билим берүүнүн стандартында окутушу керек. Үчүнчүсү, эч кандай диний предметтер, диний сабактар өтүлбөшү керек. Бул биздин Башмыйзамга каршы келет.

– Жыйынтыгында кандай болот дейсиз?

– «Маариф» менен «Сапаттын» ортосунда деле аттандаштык болсун. Кардар биз. «Сапат» жакшы болсо «Сапатка», «Маариф» жакшы болсо ал жакка берем баламды. Менин балам келечекке ишенимдүү кадам таштаган билим алышы керек. Бизде Оксфорд, Кембридж программалары, Араб окуу жайлары бар. Бул жагынан бизде баарына эшигибиз ачык. Бирок, өзүбүздүн мыйзамдарыбызга ылайык, катуу көзөмөлдөр жүргүзүлүшү шарт.

– Жалпыга маалымдоо каражаттары түрк басылмаларына шилтеме берип, 130«гуленчинин» тизмесин берип, аларды экстрадициялоо талабын койгондугун да жазып чыгышты. Буга кандай карайсыз?

– Ошол тизме катуу талкууга алынып жатат. Баары «ал тизмеде кимдер бар, кыргыз жарандарыбы же башкабы?» деп тизмени таппай убара. Кыргызстан өз жарандарын, же бизде жүргөн башка жарандарды күнөөсү жок, жөн эле өткөрүп берип салчу мамлекет эмеспиз да. Өзүбүздү деле сыйлашыбыз керек. Мен «Сапатта» иштеп жүргөн 5-6 адамды билем. Алар кыргыз жарандыгын алышкан. Түрктөр каалабаса, аларды түрк атуулдугунан чыгарып салышсын.

– Бирок, кечээ коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев «түрк тараптан Кыргызстана эч кандай тизме берилген эмес. 130 кишинин тизмеси тууралуу маалымат ойдон чыгарылган» деп маалымат жыйында айтты. Маалымат кайдан чыгышы мүмкүн?

– Демек, Туркиянын Кыргызстандагы элчилиги жалган маалымат таратты. Урматтуу элчи мырза, бул жакшы эмес. Чуулгандуу калп маалымат үчүн мыйзам алдында гана эмес, Кудай алдында да жооп бериши керек. Ал киши өзү деле мусулман болсо керек.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: