Menu

Декан Жайлообаевдин ээнбаштыгына университеттин жетекчилиги чара көрөбү?

Бөлүшүү:

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факултети быйылкы окуу жылын чала иштелген окуу планы менен баштады. Кафедралар арасында окуу жүктөрү адилетсиз бөлүштүрүлгөн. Маселен, кыргыз тилинин кафедрасына 90 кредит бөлүнсө, кыргыз адабият кафедрасына болгону 60 кредит берилген.

Декан Бакытбек Жайлообаев мындай адилетсиздикти жоюунун ордуна «карап көрөлү» деп жооткотуп, шалаакылык кылып жүрөт. Ал кандай маселе болбосун «карап көрөлү» деген даяр жообун айтып, чиновниктерче моюн толгойт экен. «Эмнени карайт? Факультет же бюрократиялык мекеме болбосо» деп кесиптештер нааразы болууда. Башкалары деканга «факультет күйүп баратат, эмне кылалы?» деп кайрылса, «карап көрөлү» деп камырабай жооп берет болуш керек» деп айтып жүрүшөт. Декан факультетти бөлүп-жарып, жаатташууну күчөткөн, өзү трайбалист экен. Кыргыз тил илими кафедрасында Г.Телибаева, Г.Абдразакова, Б.Жайлообаев, Т.Маразыков, А.Табалдиева, А.Солтоноев, С.Мусаев булардын баары декандын жердештери. Ага жубайы «өзүңдүн жердештериңди эле жыйнай бербей меникине да көз сала жүр» дегенби, айтор, БакытбекЖайлообаев аялы Карниза Каныбековнанын жердеши Үмүт Култаеваны факультетке алып келүүгө шымалана киришип, болгон аракетин жумшап жатканы ырасталабы? Ал эми Назик Мараимова, декандын орун басары кызматына «куда» түшкөнүн айтышууда. Кызыгы, декандын орун басары жигердүү иштеп жатыптыр.

Орун бош эмес экен. Ал эми декан бош эмес орунга «соода» жүргүзгөнү кайсы эрежеге сыят? Бул да эч нерсе эмес, деканаттын менеджери өз ордунда иштеп жатыптыр. Болгону сыркоолоп бюллетенде экен. Ал эми Б.Жайлообаев иштеп аткан менеджер Жүрсүн Орозалиеванын ордуна созулган Аида Сопонованы алып келип отургузуп коюптур. Бош эмес орундарды «соодалап» жаткан декандын интригаларына эмгек жамааты таңкалууда. Бул эми аялынын үстүнө токол алгандай эле иш да.

Ал эми чала иштелген окуу планы менен иш баштап, кызмат орундары боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жаткан декандын ээнбаштыгына университетгин жетекчилиги өздөрү чара көрүп, териштирип алышабы?..

Мукан Сагынов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: