Menu

Рамис Кудайбергенов, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын башкы калысы: Дүйнө эли келечекте көк бөрүнү ойнойбу же көкпардыбы? Саясат мына ушул жерде

Бөлүшүү:

– Көк бөрүгө кызыккан адамдар абдан көп болууда. Ошону менен бирге бөлүнүп-жарылуу да күч алгандай…

– Негизинен менин изилдөөм боюнча күйөрмандардын көпчүлүгү кызуу кандуу жаш балдар. Азыркы учурда күйөрмандар дагы мыкты, билимдүү. Федерациянын жүргүзүп жаткан иштеринин баарын билишет. Алар көп нерседен кабардар. Буга чейин Икрам Сатарович көп туура эмес иштерди кылып кетти. Анын терс иштери калды. Көк бөрү жогорку деңгээлге чыга турган эрендердин оюну. Аны көтөрө турган жогорку деңгээлдеги адам жок болуп турат. Облус-облус болобу, клуб-клуб болобу, мындай жагдайлар кездешет. Оюндун келечеги үчүн, оюнду популярдуу кылуу үчүн мындай нерселерге көз жумуп гана кете беришибиз керек. Башка айла жок. Командалар ортосунда чыр-чатактар чыкпаса эле командалар эч жакка барбайт.

– Көк бөрүнүн өнүгүшү тууралуу кандай пикириң бар?

– Негизи «Көк бөрү» федерациясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Бул жерде оюн өнүгүп жатат. Оюн жеке гана адамдардын кызыкчылыгы менен өнүгүүдө. Анткени алар акча салып, жакшы аттарды алып берип жатышат. Ошонун арты менен гана көк бөрү көркүнө чыгууда. Болбосо мамлекет, федерация тараптан оюндун өнүгүшүнө эч кандай колдоо болгон жок.

– Көчмөндөр оюндарындагы казак оюнчуларынын өзбек оюнчуларына утулуп калышына кандай баа бересиң?

– «Көк бөрү» федерациясы менен «Көкпар» федерациясынын ортосунда саясый оюндар бар. Элдин баары Талас Бегалиевдин «Саясат» дегенин Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин ортосундагы саясатты ойлоп жатышат. Ал жердеги саясат айтылган жок. Бул жерде «Көк бөрү» менен «Көкпардын» саясаты тууралуу айтылып жатат. Анткени дүйнө жүзүнүн эли келечекте көк бөрүнүбү же көкпарды ойнойбу? Саясат ушул. Ошол көкпардын саясатына алып келгенде өздөрү үчүн туура иш кылганын айтышууда. Карапайым эл түшүнбөй «уят» дей берет. Бирок, бул учурда биздин федерация чоң утулушка туш болду.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: