Жакынкы күндөрү бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алганы турат. Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов кызматынан алынып, ордуна «Бир Бол» партиясынын квотасы менен вице-премьер министр болгон Замирбек Аскаров бараары кеп болуп жатат. Ноокатта аким болуп, анан Ош мэриясында дене тарбия жана спорт тармагын тейлеп, андан түз эле вице-премьер министрлик кызматка келген Аскаров эми губернаторлук кызматка төмөндөтүлгөнү турат. Бул деген ишти тарта албай, губернаторлукту соодалашып кетип баратат дегенди билдирет эмеспи. Албетте, ал жакка барганда деле Нарынды гүлдөтүп жибербей турганы белгилүү дечи. Эми барып калса билинет да, иштеп кетеби же көнгөн адатынча эт эмес, же чел эмес арабөк абалда кирди-чыкты убакыт өткөзөбү?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ