Menu

Равшан Жээнбеков: «Атамбаев менен жолугуштум, ал реалдуу кырдаалды эми түшүнүп келаткандай туюлду»

Бөлүшүү:

— Равшан мырза, экс-ажо Атамбаев менен жолуккан турбайсызбы. Жолугушуу тууралуу сунуш ким тараптан болду?

— Жолугушуу эки тараптуу макулдук менен болду. Ортодогу бир адамдар мага сунуш кылышып, ошол сунуш менен жолугушууга макул болдум. Профессионалдуу саясатчылар абал оорлоп келатканда сөзсүз түрдө бири-бирибиз менен сүйлөшүшүбүз керек. Идеологиялык, адамдык жактан эки тарапта болсок дагы, бул сүйлөшүү маанилүү деп мурунку президент Атамбаев менен жолуктум, сүйлөштүк.

— Биригели деген сөз болдубу?

— Андай сөз болгон жок. Атамбаев президент болуп турган убактагы ар кандай маселелерди, азыркы убактагы саясий абалды, Кыргызстан менен коңшу мамлекеттин мамилелерин, парламентаризмдин өнүгүшүн, ММКнын абалын, саясий абалдын курчуп келатышын талкууладык.

— Премьер-министр кылсаңыз биригем дегендей кылган турбайсызбы?

— Аны бирөө эле жазып койду. Премьер-министрди Атамбаев эмес, Сооронбай Жээнбеков чечет. Ал жерде андай сөз болушу да мүмкүн эмес. 7 жыл мурун сунуш кылса жакшы болмок. Ал кезде жактырбаган саясатчыларынын бири болчумун да. Бүгүн кыйын маалда жолугуп сүйлөшүүнү чечтим.

— Атамбаевдин таарынычы күч экени байкалдыбы?

— Жеке таарыныч баардык эле адамдарда болот. Ойлогон ойлору, пландаган көп иштери ишке ашпай калды. Сөзсүз түрдө таарыныч сезими болот да.

— Атамбаев өзүнүн башкаруу мезгилиндеги чыныгы кырдаал кандай болгонун түшүнгөндөйбү?

— 7 жыл президент болгон адам бат эле реалдуулукту түшүнүшү кыйын. Менин баамдаганым боюнча Атамбаев реалдуулукту түшүнүп келаткандай.

— Жээнбековдун ишин катуу сындадыңарбы?

— Биз эч кимди адам катарында талкуулаган жокпуз. Саясатты, бийликтин абалы бир топ оорлой турганын, экономика ага таасир берип жатканын сөз кылдык.

— Атамбаев кантип эле Жээнбековду сындаган жок?

— Сын сөздөр болду. Өзү дос болуп, президент болуп калышына активдүү катышкандан кийин андай сөздөр айтылат да.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак:”Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: