Menu

Космосбек Чолпонбаев жарытпай калды

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматка келгенден бери бир дагы кыйраткан иш жасай алган жок. Жогорку Кеңештин депутаттары аябай нааразы болушуп, колунан кокон тыйын келбеген бир мажүрөө экенине көздөрү жеткенин айтышып каңырык түтөтүштү. Негизи жаңы шайланып жатканда эле кылмыш иши козголуп УКМКнын СИЗОсуна отуруп чыкканы айтылып, баскан изи мандемдүү, ишмердүүлүгү шек жараткан адам кантип министр болуп жарытат деген маселе кабыргасынан коюлган. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев бети чымырап койбой, укмаксанга салган. Мына азыр эмне болуп жатат? Чак түштө төрөт үйүндө бала уурдалып ашмалтайы чыгууда. Ушунун баары тартип, көзөмөл жоктуктан, министрдин шалаакы, кайдигер мамилесинин кесепетинен болуп отурат. Космосбекти иштен албаса, ансыз да ала салганы турган тармак такыр оңкологону калды… Бийлик кадрдык жүрүштөрдүн аркасы менен биротоло Салматтыкты сактоо тармагынын жетекчисинин иштен алуу маселесин чечип кетсе болмок.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: