Menu

Өзбекстанда сойкулукка айыпталган кыздын туугандары эл алдында уяткарылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Термез шаарында жергиликтүү бийлик сойкулукка айыпталган 18 жаштагы кыздын апасын жана үч тууганын калаанын борбордук аянтында тизе бүктүрүп, эл алдында уяткарганы айтылууда.

“Озодлик” өзбек радиосу кабарлагандай, кыздын апасы жана эки таежеси шаар башчысы, милиция жетекчиси жана прокурордон эл алында маскара кылбоону суранган. Бирок бийлик өкүлдөрү буга көнгөн эмес.

Термез шаарынын көпчүлүк жашоочулары аткаминерлердин бул жооругуна нааразы болууда. “Биринчиден, 18 жаштагы кыздын апасынын күнөөсү жок. Экинчиден, ал кыздын күнөөсү сот тарабынан далилдене элек. Эгер Тремезде сойкулук менен алектенген кыздардын саны өсүп жатса, буга аймактагы жумушсуздук себепкер. Бийлик аялдарды уяткаргандын ордуна, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бөлсө жакшы болмок”, – деди шаар тургундарынын бири.

Термез шаарынын элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малохат Холлиева 18 жаштагы кыз сойкулукка гана эмес, шаардык оорукананын медайымын сабоого да шектелип жатканын билдирди.

– Беш кыз мас абалында медайымды сабаган. Биздин райондун акими өтө маданияттуу киши, ал шаарда болуп жаткан ар бир терс көрүнүшкө бушайман болууда. Калаада чынында адепсиз жүрүм-турумга ээ кыздардын саны көбөйдү. Андыктан жыйында шаар башчысы бул абалга карата өз тынчсыздануусун билдирген. Бирок эч ким эл алдында уяткарылган эмес, – деди Малохат Холлиева.

Термез шаарынын 18 жаштагы тургунуна жана анын төрт досуна карата медайымды сабоо боюнча административдик иш козголгону белгилүү болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: