Menu

Агахан фонду кыргыз-тажик чек арасындагы суу түтүгүн тартуу иштерин каржылоону токтотту

Бөлүшүү:

Агахан фондунун Тажикстандагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасындагы «Тожикон» айылынын жашоочулары үчүн суу түтүгүн тартуу долбоорун каржылоону убактылуу токтотту.

«Биз долбоорду каржылоодон баш тарткан жокпуз, кыргыз тарап менен талаш маселе чечилгенге чейин убактылуу гана токтоттук. Андагы суу түтүктөрдү Кыргызстандын жарандары дагы колдонсо болот. Долбоор боюнча иштер эки ай мурда башталган. Буга чейин эч кандай маселе болгон эмес, алтургай курулуш техникалары Кыргызстандын аймагы аркылуу Ворухка чейин да барган», — деп билдиришти фонддун өкүлдөрү.

Агахан фонду «Туруктуулукту жакшыртуу» долбоорунун алкагында суу түтүктөрүн тартуу иштерин жүргүзүүдө. Долбоор Кыргызстандын дагы, Тажикстандын дагы аймагында ишке ашырылууда. «Долбоордун максаты – эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан айылдарын таза суу менен камсыз кылуу. Бул үчүн 500 миң сомони (53 миң долларга жакын) акча бөлүнгөн», – деди фонддун өкүлү.

13-сентябрда «Тожикон» айылынын башчысы Гафуржон Жураев жашоочулар суу түтүгүн тартуу иштерин аткара баштаганда кыргыздар трактор менен барып тоскоол кылышканын айтты. «Алар нааразылык билдирип, биздин мындай кылууга укугубуз жок экенин айтышты. Жергиликтүү тургундарда ичүүчү суу да, сугат суу да жок. Азыр тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Жаңжал маалында эч ким жабыркаган жок», – деди ал.

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы чек арадагы жаңжалга тажик жарандарынын суу түтүктөрүн алып өтүү аракети себеп болгонун билдирди. «Айыл аймагы тактала элек чек ара тилкесине киргендиктен, ал жерде кандай гана чарба иштери болбосун жүргүзүүгө тыюу салынган. Тажикстандын жарандары буга карабай аракеттенгенде кыргыз тарап нааразы болуп чыккан, суу алып өтүү ишин токтотуу тууралуу кыргызстандыктардын талабынан кийин эки тарап кайым айтышкан», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: