Menu

Бакыт Шаршембиев “Ванганы” жолго таштады…

Бөлүшүү:

Өткөн жумада “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аукцион өтүп, Россиялык “ВЕГА” концерн ишканасы 1 млрд. 125 миллион сом сунуштап алдыга чыкты. Утуп алган компания долбоорду каржылайт. Беш жыл аралыгында айып пулдан түшкөн кирешенин бир бөлүгү анын эсебине түшүп турат. Айрым талдоочулар долбоорду мамлекет өзү эле ишке ашырса бюджетке да, маалымат коопсуздугу үчүн дагы пайдалуу болмок деп сынга алышты. «Кыргызтелекомдун» мурдагы башчысы Нурлан Мадеминов долбоорду мамлекет өз күчү менен ашырса болоорун, мамлекет 10 миллион доллар бөлсө эле коопсуз шаар гана коопсуз мамлекет долбоорун ишке ашырууга «Кыргызтелекомдун» күчү жетээрин айткан. Бирок эмнегедир Кыргыз Өкмөтү жергиликтүү адистердин колунан келбейт дегенди айтып, долбоорду эки эсе кымбат баалап, чет элдик компанияга берип жатат. Ушул дагы мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон чечимби?.. Долбоорду «Кыргызтелеком» ишке ашырса, мамлекеттик сыр коопсуздугу дагы чечилмек. Эми мунун баарын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев ашмалтайын чыгарып жатат. Шаршембиевге учурда 9 кылмыш иши козголгон экен. Бирок кылы кыйшайбай иштеп жатат. Кызыгы Коопсуз шаар долбоору 5 жыл гана иштеп, анан кайра башка сынак жарыяланат экен. Беш жыл ичинде утуп алган компания камераларды орнотуп, анан 10 миллион 636 миң, 276 жол эрежесин бузгандарды каттоого тийиш экен. Жылына 2 миллион 127 миң 255 жол эрежесин бузгандарды, айына 177 миң 271, күнүнө 5 миң 909 жол эрежесин бузгандарды таап каттап, айып төлөтүүгө тийиш. Шаршембиев көзү ачыктык кылып ушинтип эсептеп чыгыптыр. Кудайды карасаң боло деген киши жок. Бул Шаршембиев айтылуу «Ванга» болуп кеткен го… Ушул кылмышка шектүү «Ванга» менен анан кантип Коопсуз шаар долбоору ишке ашсын?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: