Menu

Эрлан Абдылдаевди Тышкы иштер министри кызматынан эмнеге кетиргени жатышат?

Бөлүшүү:

КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин үстүнөн “кара булут каптап”, кызматынан кетиргени жатышканы боюнча уу-дуу сөз  байма-бай айтылып келе жатат.

Ошол эле учурда Бишкек ТЭЦинин модернизациясын жасаган кытайлык ТВЕА компаниясы анын бул долбоор боюнча жасаган сүрөмө (лобби) кызматы үчүн Бишкекте көз тайгылткан хан сарай салып берген фактысы билинип калып, ошонун айынан кызматтан кетип жатканы боюнча күбүр-шыбыр кеп кетти.

Ага чейин Эрлан Абдылдаев эмнеге КР Тышкы иштер министри кызматында былк этпей 6 жыл олтурганынын сыры да эл арасында уу-дуу сөз болгон. Көрсө Эрлан Абдылдаев Атамбаевдин бир сырын жакшы билген экен. АКШ Кыргызстандагы “Манас” авибазасын сактап калууга аракет кылганы ал Россияга каршы багытталган аракет эмес болучу. АКШ Кытайдын бир буйткасында – анын чек арасында аскер базасын кармап турууну каалаган. Ал эми чоң коңшу Кытай Кыргызстандын жетекчилерине Россия гана басым жасай аларын билип, Россия менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн дешет. Американын Кыргызстандагы аскер базасын чыгаруу үчүн Кытай Россиянын эң таасирдүү жетекчилерине 4 млрд доллар, ал эми Кыргызстандын акчаны жакшы көргөн корбашысына 100 млн доллар накталай алып келип бергенин бир гана Эрлан Абдылдаев билип калган. Ошондон кийин Россия Кыргызстанга АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрөсөтө баштап, акыры чыгарып анан тынган. Мунун аки-чүкүсүн жакшы билгени үчүн Эрлан Абдылдаевди “мамлекеттик маанилүү сырды” билген киши катары  министрлик кызматтан 6 жыл жылдыра алышкан эмес. Эми бийлик алмашкандан кийин бул уу-дуу кептин чын-төгүнүн текшерип, элге ачыгын айтууга мезгил жетти. Буга ким батына алат? Кимдин духу жетет? Бийлик эмне дейт экен?

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: