Бир кезде, 2005-2007-жылдары, президент Курманбек Бакиевдин доорунда КР Тышкы иштер министри кызматын ээлеп, элге кызмат кылган Аликбек Жекшенкулов ошондон кийин бааланбай, Отунбаева менен Атамбаевдин заманында такыр кызматсыз калган эле.
Акыркы маалыматтарыбыз боюнча 61 жаштагы Аликбек Жекшенкуловду тажрыйбалуу дипломат катары КР Тышкы иштер министри кызматына даярдап жатышканын угуп калдык.
КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда эки жолу болуп, кудундап чыкканын көргөндөр да бар экен. “Чымынды сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бар. Анын сыңарындай тажрыйбалуу чиновник Аликбек Жекшенкуловдун күчүн алууга убакыт жетти.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ