Menu

Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу бийлик болду, бул талашсыз!”

Бөлүшүү:

Экс-генпрокурор Аида Салянованын журналист Бермет Букашевага берген интервьюсунун айрым урунттуу учурларын жарыялайбы:

Бермет Букашева: Сиз Генералдык прокурор катары Бакиев менен Атамбаевди таразага салып, кандай баалайсыз? Бакиев менен Атамбаевдин кимиси элдин алдында көбүрөөк күнөөлүү? Биринчисин биз соттодук. Атамбаевдин экс-президенттик кол тийбестигин алып салып,   сотко жеткире алабызбы? Бүгүнкү чуулгандуу кылмыш иштерин иликтөөнүн издери Атамбаевге алып барат го…

Аида Салянова: Экс-президенттин кол тийбестиги деген бул юристтер үчүн чоң проблема эмес. Кыргызстандын конституциясы боюнча мыйзам алдында баары бирдей жооп берет. Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги деген норма жок. Бирок, “Президенттин ишмердигинин кепилдиги” деген мыйзамда экс-президент тууралу норма бар. Анда Конституцияга карама каршы келген – экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө норманы киргизип коюшкан. Бирок мыйзамдардын иерархиясы боюнча  Конституция мыйзамдан жогору турат жана конституция менен мыйзамдын нормалары карама-каршы келген учурда Конституциянын нормалары иштеп, мыйзамдын нормалары иштебей калат. Конституция иштеш керек. Бул мыйзам иштеш  үчүн бизде атайын орган – Конституциялык палата бар.  Конституциялык палата буга чекит коюш керек.

Бермет Букашева: Жеке сиз үчүн Бакиевдин бийлигине караганда Атамбаевдин бийлиги начар жана коркунучтуу, кылмыштуу болду…

Аида Салянова: Мен аларды салыштырбай туруп эле айтайын, Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу бийлик болду, бул талашсыз! Эми Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу экенин укук коргоо органдары далилдеп чыгышы керек.

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: