Menu

Видео – Президент Жээнбеков менен селфи жасаган кыз ким?

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты. Анда бакты тазалап жүрүшкөн жаштар менен жолугуп, алар менен селфи жасап, сүрөткө түштү. Ошол учурда жаштардын лидери болгон сулууча кыз алдыга чыгып, президент менен катарлаш туруп, телефонуна селфи жасап, анан түз эфир аркылуу бул күнү ишембилик өткөрүп жатышкан 157 өлкөнүн элдерине англисче кайрылуу жасап, акырында президентке кыргызча жана орусча кайрылууну сиз жасаңыз деп сунуштады. Президент Жээнбеков кыргызча кайрылуу жасаганга гана үлгүрдү.

Биз бул президент менен селфи жасаган активист кыз ким экен деп үңүлө карап көрсөк, айтылуу Айжан Чыныбаева болуп чыкты.

Айжан Чыныбаева 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын Сокулукка турмушка чыккан бир тууган сиңдисинин кызы.  Атасы Сокулуктун экс-акими Адамкалый Чыныбаев.

Айжан Чыныбаеванын кайын атасы да Ыссык-Атанын экс-акими Болот Кененбаев. Айжандын жубайы Арслан Кененбаев белгилүү бизнесмен, BNC Finance финансылык компаниясынын аткаруучу директору.

Айжан Чыныбаеванын кайын сиңдиси Айжан Кененбаева кадимки экс-президент Курманбек Бакиевдин келини, Максим Бакиевдин жубайы.

Айжан Чыныбаева өзү өтө активдүү жаран, англис тилинде түш жоруйт, Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган. 1978-жылы Бишкекте туулуп, азыр жаш көрүнгөнү менен 40 жашта экен. Биздин булактардын айтымында 3 баланын энеси.

Айжан Чыныбаева Бишкектеги «Club Dostuk Hotel» мейманканасынын, «Prego» ресторанын, Ыссык-Көлдөгү «Talisman Village» мейманканасынын ээси.

Азыр Норвегия мамлекетинин Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп дайындалган. Кыскасы жөн кыз эмес, кыргыздын кыйын кызы экен.

Айжан айым кечээ, 15-сентябрда өз демилгеси менен Кыргызстанда ишембилик өткөрүүгө миңдеген жаштарга чакырык жасап, аларды мындай коомдук ишке мобилизация кыла алды деп билдиришти биздин булактар. Жалпысынан кечээ бул ишембиликтерге Кыргызстанда 400 миңдей киши катышканы кабарланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: