Menu

Сагынбаевди сыздаткандардын максаты эмне?

Бөлүшүү:

Бильярд боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Кыргызстандын бильярд спортунун федерациясынын башчысы Каныбек Сагынбаев акыйкат таппай карайлап турган кези. Көрсө, Каныбек мырза «Кожомкул» спорт сарайынан ижарага аянтча алып, айына 90 миң сом ижара акысын төлөп, бильярд чеберлерин даярдоо максатында бильярд клубун иштетип келиптир. Натыйжада, Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов бильярд клубду жаптырып, ал аянтчаны шуба саткандарга ижарага берип салыптыр. Дүйнө чемпиондорун тарбиялап, Кыргызстандын туусун эл аралык аренада желбиретип жаткан Каныбек мырзанын ишин кубаттоонун ордуна кыянаттык кылган Аманкуловдун деңгээлине баракелде. Анан бул жигит кантип кыргыз спорту үчүн күйөт деп айтууга болот. Бул аз келгенсип, Бишкек шаарынын спорт комитетин башкарган Рыспек Мааткабылов Сагынбаевди жетектеген бильярд мектебинен да иштетпей, кызматтан алып салыптыр. Кызылдай кыянаттык кылышып, өчөшкөндөрүнө караганда ич күйдүлөрү бар окшойт. Тиешелүү мамлекеттик жетекчилер бул чырлуу жагдайга көңүл буруп, чара көрүшпөсө болбойт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: