Menu

Тажик президентинин уулуна арналган ырдын автору жасакерленбегенин билдирүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон уулу жана Душанбенин мэри Рустам Эмомали менен.

Душанбе шаарынын мэри жана тажик президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалиге арнап ыр чыгарган аткаруучу Зиёвуддин Нурзод эч кимге жасакерленбегенин билдирди.

Ал «Настоящее время» телеканалына берген маегинде ырды баласы экөө Душанбедеги эң бийик имараттан шаарга суктанып жаткан маалда жазганын айтты.

«Шаарды бийиктиктен карап турган уулум Душанбени Дубайга окшоштурду. Мен да шаардын кооздугуна суктанып, ырды баламдын жана шаар тургундарынын атынан ыраазычылык катары мэрге арнадым», — деди Нурзод.

Ал бул ыры буюртма эмес экенин жана ал үчүн эч кимден сыйлык күтпөй турганын кошумчалады.

Калаа башчысына арналган ырга тартылган клипти Youtube порталында 200 миңден ашык киши көрдү. Айрымдар ырчынын бул аракетин жесекерлик, жагалдануу деп баалашса, башкалары аткаруучуну колдоп, ал бардык темада ырдоого укуктуу экенин билдиришүүдө.

Бул Рустам Эмомалиге арналган алгачкы ыр. Буга чейин көптөгөн ырчылар мамлекет башчыга арнап ыр чыгарып, сахналарда аткарып келишкен. Президенттин улуу баласы Рустам Эмомали 2017-жылы 29 жашында Душанбенин мэри болуп дайындалган. Ал буга чейин өлкө борборун 19 жыл башкарган Махмадсаид Убайдуллоевдин ордуна барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: