Адидеттүулук, акыйкат издеген коомдо калыстык эң башкы тараза эмеспи. Дегеним, Кубат Оторбаев өз арызы менен кеткенден бери Акыйкатчынын орду бош турат. Буга себеп, Жогорку Кеңештин жайкы эс алууга чыгып кеткени болду. Эми күздүн келиши менен ЖК өз ишин баштап, негизги каралчу маселе Акыйкатчы тандоо эле. Азырынча юрист Канат Азиз менен Токон Мамытовдун талапкерлиги каралууда. Негизинен бул кызматка адилеттүүлүктү, калыстыкты баалаган жана калкка кадыры бар инсан келиши керек. Албетте, адистик да талап кылынат. Арийне, Бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаган тажрыйбалуу Токон мырза келсе туура болчудай, бу киши интригадан алыс эмеспи. Анын үстүнө Бакай жашына барып калган аксакал жеке кызыкчылыктан өйдө туруп акыйкаттык үчүн аракетке өтөөрү турган иш.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ