Коррупция менен күрөшүп жаткандайбыз. Бирок, негедир ал күрөш майда чабактарга гана жарап жатат. Дегеним, айрым бир тармактарда коррупцияны көзгө сайып көргөзүп берип жатышеа да ага карата чара көрүлбөй жатат. Баарына маалым болгондой Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупционерлердин бетин ачканы үчүн иштен айдалып кетти. Бирок, чыркыраган Анара коркуп-үркпүстөн коомчулукка чыгып, коррупциянын сатыгын берип жаткандардын анабашына Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын «катталары» ордуларынан былкылдай элек. Эмнеге? Же чоң жегендер аларды тескөөчү органдарга «чооң» жем таштап коюп атышабы? Эгер бул темп менен кете берсек тээ 1980-жылдардагы Колумбиянын коррупция менен курошкон системасын кайталаган болуп калбайбызбы? Дегеле аталган тармактагы ашмалтайы чыккан коррупцияга чара көрүлөбү?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ