Menu

Султан Раев жана 108-диван….

Бөлүшүү:

(Башы өткөн санда)

Бу батинкелер качан крем көргөнү белгисиз. Ыйлай. Ардеңкени башын бир ойлоно берип Мамат экөөбүз батинкебизди да тазалап албапбыз. Бу Ак Үй өмүрүндө мындай кир бут кийимди көрбөсө керек эле. Президенттин кабинети да. Кир батинкени катайлы десек жер жок. Баары үстүнөн алаканга салгандай көрүнүп турат. Ага карабай Аскар Акаевич сүйлөй берди. Биз угуп турабыз. Кеп эмне жөнүндө баратканын да алангазар албай калдык. Бут кийимибизден уялып. Ошо күнү жамгыр жаап жаткан сыртта. Ичибизден өзүбүздөн мурда сырттагы жамгырды күнөөлөп турдук. Жамгыр болбосо… бут киймибиз деле мынчалык болбос. А.Акаевич кызуу сүйлөп жатып, «Адам бир баскан жерин миң басат» деп айтты да, айнектен көрүнүп турган биздин батинкелерибизге карады. Биз уялгандан уламбы… Ажонун кабинетиндеги шыпты карадык. Айтор, А.Акаевич шыпты караса, биз кир батинкслерибизди карайбыз, ал ылдый караса биз шыпты карайбыз. Экөөбүзгө жер жарылып кетпеди. Анысы ал болду акыры сөзүнүн аягына чыккан Президент бизге бирден белеке ручка анан, өзүнүн сүрөтү мукабасына түшкөн китебин берди. Акыркы сөзү эле кулакка даана угулду. «Балдар, референдумду колдоп койгула» деген. Биз колдойбуз дедик да, кабинеттен шыр чыктык. Батинкебизди көргөн сайын А.Аны эстеп жүрдүк. Бирок, биз эстегидей АА менен биздин кир батинкенин эмне жакындыгы бар эле…Ушуга таңбыз…

Гезит бетиндеги өмүр, сөзүндөгү тагдыр

Азыр чындап эле эстесем, кызык күндөр өтүптүр. Жаштыгыбыз «рухта» өттү, кыз сүйүп, жаштыктын сезимин сезээр мезгил да гезит менен гезит болуп баракталып өтүп кетиптир. Он жыл редактор болдум. Мени ошол кездеги Маалымат министри Абдыганы Эркебаев баш редакторго дайындап жатып, «Ушу гезит менен бар болосуңар же жок болосу ңар» деген эле. Бул соз чындыгында эле көзү ач ы кты к менен айтылган сөз экен. «Бар болгонубуз» ушу гезиттен өсуп-өнүп чыктык, адам болдук, «Жок болгонубуз» гезит деп жүрүп мезгилдин кандай өтүп кеткени аңдабай калыпбыз. Гүл кар-мап, кино театрда суйгөнүн күткөн жигиттей боло албадык, анткени, түн уйкудан безип гезит чыгаруу керек эле. Гезиттин түйшүгү ушундай.

«Баарын кадрлар чечет»

Ыстакенин сөзү азыр да актуалдуу. «Кыргыз рухунда» не деген жигиттер иштеди, таланттар иштеди, чыгаан журналисттер иштеди… Биз саясий аренага Өмүрбек Текебаевден баштап, Адахан Мадумаровго чейинки, бир топ ысымы аттын кашкасындай саясатчыларды алып чыкпадык. Гезитке ат тезегин кургатпай мыкты макалаларды Салижан Жигитов баш болгон не бир калем чеберлери жазып турду. Кайран Сакебиздин « Акыры заман кыргыз базарга чыкканда башталат…» деген сөздөрүнүн баркын эми туюп жатабыз. Мурза Гапаровдун акыркы ыры, коштошуусу бизди канча сыздатты. Ырын жарыя кылгандан кийин бир жума өтпөй… бу жарыкты таштап кетти. Табылды Эгембердиев, Сатыбалды Жээнбеков, Эгемберди Эрматов, Кубан Мамбеталиев, Эсенбай Нурушев, Үсөн Касыбеков, Мамат Сабыров, Бекен Назаралиев сыяктуу алптар макаларын «рух» бетине жарыялап турду. Канча таланттуу жигиттер иштеди. Алик Акималиев, түшкө чейин адам, түштөн кийин кентавр Карбалас Бакиров, кийин эсе кадыр-барктуу гезиттердин баш редакторлугуна жеткен Сакы Садыков, Нургазы Анаркулов, Жора Сулайманов, эларалык деңгээлге таланттуу жазуучу катары таанылган, полиглот Турусбек Мадылбай, Айдарбек Сарманбет, арабыздан эрте о дүйнөгө сапар алган таланттуу журналисттер Халил Жамгырчиев, Мамат Раимжанов, Сейит Сасыбаев, Сапар Исаков, кийин «көмүр королу» деген атка калган Нурлан Мотуев, атактуу фотосүрөтчү Эрнест Мусаев, редактордон өлкөнүн элчилигине жеткен Кылычбек Султанов, Президенттик аппаратка чейин көтөрүлгөн Бахпур Аленов, «Азаттыктын» атагын чыгарган Айданбек Акматов, Жаркын Темирбаева, азыркы өкмөт башчынын агасы Сооданбек Абылгазиев, Жээнбай Түрк, МусаЧечеев, Нургазы Мусаев, Бакай Садыров, кыздардан Арзыкан Момунтаева, Закен Тулпарова, Камара Касымбаева, Венера Бөлөкбаева, Нарынкүл Назаралиева, Назгүл Атабаева…баш эсепчилер Базарбу Даданова, Чынара Канетова ж.а айтор тизмелесем дагы деле көп (жаде басып унутуп калган болсом кимдир-бирөөнү кечирим суранам)…

Ал эми бир жолу эки жаш жигит келди. Сары ооз. Булар да журналист болуп гезитке иштейбиз деп дымагы күч келди. Окудуңарбы журналистикага десем, эми окуйбуз дейт. Эми окусаңар, буерде окугандарга да орун табылбай турат деп, кош айтышайын десем. Бирөөсү айтып калды «Агай, бизди сынап көрүп… анан айтпайсызбы..»,- деп көгөрүп туруп калды. Анда, отургула дедим да. Экөөнө кагаз бердим. Кана, жазгыла дедим. «Ата, атка така как». Бирөөсү кудундай түштү. Агай, мунун 1-класста эле окуганбыз дейт. Кийин жазганын текшерсем, бирөө үч ката, экинчиси эки ката кетти. Тамгадан,-тыныш белгиден. «Силерди алалбайм десем. Куусаңыз да кетпейбиз, эптеп гезитиңизге илешип жазганды үйрөнөлү деп калды. Бу экоо ким дейсизби? Биринчиси – Бакай Садыров (сологой болчу), экинчиси – кадимки эле Нургазы Анаркулов (он кол) эле. Экоо бир топ гезиттин чабарман ишин бүткөрүп жүрдү. Кийинчерээк макала жазып да кетти. Бакай азыр Таласта – бакыйган журналист. Нургазы – «Майдан» гезитинин баш редактору.

«Кыргыз руху» биздин тагдырыбыз да, жаштыгыбыз да, жан дүйнөбүз да…

Мага менин кесиптештеримдин «Биз «Рухта» иштегенбиз деген сөзү жагат. Мага да… мен да «Рухта» иштегенмин…

(Аягы)

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: