Menu

Биз билген Каныбек Туманбаев тууралуу калыс пикир

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн №31 (384) номурлуу санына, «Туман аралап кеткен Туманбаев» деген аталыштагы куш тилиндей макала жарык көргөн. Гезит жарыкка чыккандан кийин окурмандаp тарабынан рсдакциябызга телефон чалуулар болуп Каныбек Туманбаев тууралуу такталбаган материалды жазганыбызды, ал адам биз жазгандай инсан эмес экендигин баса белгилешти. «Туманбаев коррупционер эмес, адал эмгеги менен эл багып жаткан жигит. Кайсы күнөөсү үчүн качыш керек, эң негизгиси ал качып кете турган жигит эмес!» дед баса белгилешти. Биз Каныбек мырза менен жолукпасак дагы Туманбаев тууралуу аны жакындан билгендерден маалымат алдык. Кийинки сандарыбызда өзүнөн дагы маек алып элге тааныштырууга аракет жасамакчыбыз. Атын атагысы келбеген аксакал, Каныбек мырза тууралуу оюн жазып келиптир. Биз анын айтканын өзгөртүүсүз жарыялап окурман журтуна сунуштоону эп көрдүк:

—«Мамлекетибиздин керегеси кеңейип,уугуузарып, тундугу бийик которулушу үчүн мыкты инсандар кызмат кылуусу кажет. Бизде андай инсандардын катары калың. Алсак, жеке ишкер Каныбек Туманбаев мамлекеттик кызматы жок эле, карапайым калкка кайрымдуу болуп, ар-тараптан жардамын берип, элибиздин патриот уулу женин басып өткөн жолу менен далилдеп келет. Каныбек Туманбаев деген ким? Келечектен копту үмүттөндүргөн принципиалдуу иш билги, таза жигит. Анын ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекет үчүн бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, алдыга карай жылыштар орун алып жатканы кубантпай койбойт. Андыктан, Каныбек мырзадай таза, принципиалдуу жана ши билги азаматтарыбыздын билимин өлкөнү өнүктүрүүгө пайдаланып, кадырлап алганыбыз дурус. Каныбек Туманбаевдинэл үчүн аткарган эмгектери арбын. Аларды санап олтурсаң убакыт жетпейт…

Каныбектин соопчулук үчүн кылган иштери арбын. (мен билгендери) Учурда ата-энеси таштап, кароосуз калган 37 (отуз жети) наристе жетим кыздарды өз карамагына алып, алар үчүн атайын имарат куруп, 8  тарбиячы кыз жалдап, 4-5 маал ысык тамагын берип багып жатат. Алар эрезеге жеткиче кеткен чыгымын өзү которуп, орто мектепти андан кийин ЖОЖду окутуп, турмушка чыгып кеткенче карамагына алуу милдетин өз моюнуна алып жатат. Азыр 37 баланы бакканды мындай кой, бир баланы бага албай жургөндөр канча?..

Өзүнүн кичи мекени болгон Аксы районуна көрсөткөн жардамдары да көңүл кубантат. Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл  өкмөтү но бир трактор шаймандары менен алып берген, айыл өкмөткө 300 миң сом жардам көрсөтүп, ФАП үчүн 140 миң сом акча берген. Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө спорт залдын дубалы тургузулуп жатса, 100 орундуу бала бакчанын үстү жабылууда. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө спорт зал бүтүп, ишке берилген, 250миц сомду таза сууга, 65 миң сомду айыл өкмөттүн имараты үчүн берген. Сыны айылына таза суу үчүн 140 миң сом жардам берген. Кара-Суу айыл өкмөтүндө таза суу үчүн 1 млн 250 миң сом жардам кылса, мечит салып берип, 2 км жолду асфальттап берген. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө спорт зал менен мечит салып, ишке киргизди. Авлетим айыл өкмөтүндө токой чарбасына 250миң сом, ооруканага 150 миң сом, таза сууга 150 миң сом бөлсө, заманбап спорт залдын курулушу учун 12 млн сом акча сарптап жатат. Мукур айылындагы көпүрөнүн курулушуна 165 миң сом, таза суусуна 650 миң сомду өзү эле чечип койгон. Кербенде болсо 100 орундуу бала бакча ушул айдын аягы ишке киргени туру. Кашка-Суу айыл өкмөтүндө спорт зал куруу иштери 14-сентябрда башталганы жатат. Чарбак айылына футбол аянтчасы үчүн 150 миң сом, Бакыт үйүнө 250 миң сом жардамын аябаган. Үч-Коргон айылында мечит-медресеге 200 миң сом берсе, элге бир трактор алып берген. Жерге-Тал айыл өкмөтүнө бир трактор, Кара-Суу айыл өкмөтүнө бир трактор. Бул тизме мен билгендери гана» деп сөзүн жыйынтыктады аксакал.

Эмне демекчибиз, эл баккан Каныбек мырзадай инсандарыбыздын катары калыңдай берсин. Биздин редакциядан калпыстык кетип, Туманбаев тууралуу туура эмес материал кетип калганын моюнга алдык. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» демекчи, жаңылыштык үчүн берилген тактоону туура кабыл алыңыз Каныбек Тургунбекович!

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: