Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековду кызматтан алуу аракети көрүлүүдө. Бир эмес, эки жолу аракет болуп мэрди торой чабуу аракети ишке ашпай калды. Тагыраагы шаардык кеңеш кворум жок тарап кетишти. Жусупбеков шер экен, күрөштө бекем турууда. Аракеттеги мэр Айдар мырза деле бир топ депутаттын колдоосу менен келгенин эске алганда, жаман кадр эмес да. Аны кетирүүүчүн, «Жусупбеков шайлоодо Бабановду колдогон» деген жүйөө менен аракет кылышууда. Антпей эле мэрдин орду керек болуп атат дешпейби!
Биз билгенден Айдар Жусупбеков президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоп келет. Бирок, иштөө мөөнөтү аяктай электе эле ар кан дай интрига менен кетирүү кимге абийир алып келет?!
Айтмакчы, мэрди кетирүү аракетинин артында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун турганы айтылууда. Бирок, Дастан мырза мындай пастыкка барбаса керек. Анын үстүнө спикердин кадр саясатына аралашканы туура көрүнүш эмес да. Бул жагынан караганда ар дайым тазалыкты туу тутуп келген Жумабеков интригага аралашпайт деген ишенимдебиз. Баса, Дастан Артисбекович бул интриганы ким уюштуруп жатканын иликтеп көрүп, токтотуп койбойсузбу…
Камчы Кадыров
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ