Menu

Абдирейим Кулбаев кыргыздарды кулга айланткысы келеби?

Бөлүшүү:

Ичтен чыккан ийри жыландардын саны дагы бирге көбөйдү. Дегеним, Абдирейим Кулбаев деген көпөс бар. Бизнесте жүрүп байыган, саясатка аралашууга канча аракет кылса дагы максатына жетип, саясаттан өз ордун таап кете алган жок. Оюнун баары акча болсо анан кантип ал элге жакшылык кылмак эле? Мына ушул көпөс «Дордой» базарына жанаша жайгашкан «Кербен» базарынын ээси. Ушул Абдирейим Кулбаев деген неме баары бүтүп эми кыргыздарга «Көзкаман» боло баштаптыр. Ичтен чыккан ийри жылаан болуп. Тагыраагы «Кулчулук» доорду эңсеген Кулбаев кытай ишкерлерин алып келип, өз базарына киргизип, кыргыздардын жумушун тартып алганы туруптур. Кантип десеңер, ал жерде кырдаал мындай экен: Кулбаев алып келген кытайлар кыргыздарга салыштырмалуу арзан баада товар алып келип, дүңүнөн сатууну монополияга айландырып жатышат. Алардын максаты, убактылуу эң арзан баада сатып, кыргыздарды банкрот кылуу. Тактап айтканда, жарым жыл аралыгында арзан сатууну уланта берсе, кыргыздардын товары өтпөй калат. Ал аралыкта контейнерлердин арендасын, алган кредиттеринин процентин төлөй албаган кыргыздар аргасыздан кытайларга контейнерин сатып же таштап чыгып кетишет. Бүгүн, 9 кытай жумушун баштаса, эртсң кыргыздар банкрот болуп, базар бошогондон кийин 9 миңдеген кытайлар агылып келст. Базарды толугу менен баскан кытайлар, кийин базар баасын каалагандай өзгөртө алышат. Булар, базардын ээси Абдирейим Кулбаев менен биргеликте мамлекет үчүн өтө коркунучтуу саясат жүргүзүп жатышат. Мурда, кытайлар ушундай монополия саясатын «Дордой» базарынын ичинде жүргүзүшкөн. Кыргыздардын саткан товарларын арзан алып келип, өз алдынча экспортко чыгара баштаган. Базардын ээси Аскар Салымбеков алардын түпкү максатын сезип, «Дордойдон» жетелеп чыгып койгонун көпчүлүк али унута элек. Ал эми акчадан башка көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган Абдирейим Кулбаев болсо көгөрүп кытайларды алып кирип, кыргыздардын ырыскысын талашып, улут үчүн кооптуу жагдайды түзүп жатат. Кулбаев ушул жерден бир нерсени түш үндү бекен? Бүгүн базар экономикасын алган Кытай, эртең элдин эгемендүулүгүнө коркунур жаратышы күмөнсүз. Бул коркунуч башын акча туманданткан Кулбаев өңдүүлөрдүн көйгөйү эмеспи? Эркин мамлекетиң, эгемендигиң жок болсо кайда барып байып, каяктан бакыт издейсиң? Же кул тукумдарынан болгондор байыганда тегине тартып баштайт деген кеп ырасталабы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: