Menu

Мамлекеттин органдардын расмий сайттарындагы мамлекеттик тилдин абалы

Бөлүшүү:

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2018-жылдын 15-январындагы КР Өкмөтүнө жолдонгон №15-04 катынын негизинде КР министрлик, ведомстволордун ж.б. расмий сайттарындагы маалыматтардын мамлекеттик тилде жайгаштырылышы тууралуу КРнын ошол кездеги вице-премьер министри Ч.А.Султанбекованын 2018-жылдын 24-январындагы №21-1492 тапшырмасынын аткарылышы боюнча кайрадан иликтөө жүргүзүп, чеке жылытарлык дагы, көңүл чөгүп, өкүнөөрлүк дагы жагдайларга туш болдук.

Аталган тапшырманын натыйжасында айрым мамлекеттик органдардын сайттарында мамлекеттик тилдеги маалыматтардын саны арбып, оң жагына өзгөргөнү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик органдардын веб-сайттарына карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында канааттандырарлык эмес деп табылган КРнын Транспорт жана жол министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайттары бүгүнкү күндө толук кандуу мамлекеттик тилде талапка ылайык иш жүргүзүп жаткандыгын айрым башка мамлекеттик мекемелерге үлгү катары көрсөтүүгө болот.

КРнын вице-премьер министринин тапшырмасынан кийин мамлекеттик мекемелердин расмий сайттарындагы мамлекеттик тилге болгон мамиле мурдагыга караганда бир кыйла жакшы жагына багыт алды. Учурда мамлекеттик органдар расмий сайттарынын мамлекеттик тилдеги маалыматтары толукталып, жаңыртылып жаткандыгын билдиришти.

Ошондой болсо дагы КРнын Экономика министрлиги, КРнын Саламаттык сактоо министрлиги, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, КРнын Социалдык фонду, КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайттарындагы мамлекеттик тилдин абалы жолго коюлуп жатканы менен, талапка ылайык деңгээлге жете албай, жарым-жартылай гана иш жүргөндүгүн маалымдайбыз.

Ал эми ушуга чейин расмий сайттарын мамлекеттик тилге өткөрүүдө ордунан козголбогон да мамлекеттик мекемелер кездешет. Булар, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы.

Айрым мамлекеттик мекемелер ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө “КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын аткарбай жаткандыгын белгилеп кетүүгө болот. Жарандар керектүү материалдарды расмий сайттардан алгандыгына байланыштуу, ар бир мамлекеттик органдын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар жана жарандар үчүн керектүү материалдар сөзсүз мамлекеттик тилде болууга тийиш экендигин белгилейбиз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: