Menu

Тажик президенти Рахмон бир ай ичинде Хорогдогу криминалды жок кылууну тапшырды

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жетекчилигинен бир ай ичинде Хорог шаарында мыйзамдуулукту жана тартипти орнотууну талап кылды.

Президент 15-сентябрда аталган аймакта жыйын өткөрүп, кылмышкерлердин чакан тобуна каршы жергиликтүү бийликтин туруштук бере албай жатканына нааразы болду. “Эмне үчүн силер шаарда мыйзамдын үстөмдүүлүгүн орното албайсыңар. Эгер колуңардан келбесе, күчүңөр жетпесе жана мамлекет менен өкмөт башчысынын саясатын ишке ашыра албасаңар, анда мамлекеттик кызматты ээлеп отуруунун кереги жок”, – деди. Эмомали Рахмон.

Рахмон Тажикстан ИИМ башчысы менен атайын кызматтын жетекчисине Хорог шаарындагы криминалдык абалды кылдат иликтөөнү тапшырды. Анын айтымында миңдей кызматкери бар укук коргоо органдары 5-6 кишиден турган кылмыштуу топко алы келбей жатат.

​Эмомали Рахмон аймакта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жазаланбаса, күч түзүм жетекчилеринин баары кызматтан кетерин эскертти. Буга чейин кылмыштуу топтун мүчөлөрү аймакта МАИ кызматкеринин машинасын тебелетип кетишкен, бирок жергиликтүү бийлик күнөөлүүлөрдү тапкан эмес.

Президент айрым күч түзүм жетекчилери Хорогдо маңзат аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтор менен кызматташарын айтты жана аларга чара көрүлөрүн белгиледи.

Тажикстан башчысы зарыл болсо бул ишке куралдуу күчтөр да тартыларын билдирди. Эмомали Рахмондун пикиринде, Хорогдогу криминалдык кырдаалдан улам туристтер бул аймакка келүүдөн баш тартышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: