Menu

Бишкек шаардык соту коррупция менен айыпталып жаткан экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин абакта калтырды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун үстүнөн Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим өзгөргөн жок. Шаардык сотто 17-сентябрда өткөн отурумда экс-мэрдин камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу чечими күчүндө калды. Адвокат Сергей Слесарев эми Жогорку сотко арыз жолдонорун журналисттерге билдирди.

Шаардык сотто отурум өтүп жаткан кезде сыртта Албек Ибраимовду колдогон 50-60 адам нааразылык акциясын уюштуруп, сот ишти жабык жабык карап жатканына нааразылык билдиришт

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокаты Сергей Слесарев буга каршы шаардык сотко арызданган. Ишти караган соттук коллегия жараянды жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган.

Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, ал “Дастан” ишканасын жетектеп турганда “270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деп шек саналып жатат.

Албек Ибраимов быйыл 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: