Menu

Видео – Айгерим Расул кызы, ырчы: “Нурзат Токтосунова мага биринчи болуп кол салды, анан менден “майлуу” жообун алды”

Бөлүшүү:

Ошто, 15-сентябрда болуп өткөн тойлордун биринде шоу-бизнестин өкүлдөрү Айгерим Расул кызы менен Нурзат Токтосунова мушташып-чачташып кетишкендиги белгилүү болду. Бул тууралу ырчы Айгерим Расул кызы өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында жазып, мушташтын видеотасмасын кошо жүктөдү:

«Тойдун артында ушундай окуя болуп турат. Мен эч качан өзүм бирөөгө тийишпейм, бирок негедир мага өздөрү тийише берет. Көп учурда карманып теңелбейм, бирок чектен ашканда, унчукпай турууга мүмкүн эмес. Кээбир адамдарды урматтасаң деле, сыйды билбегендер болот экен. Бул эки күн мурун тойдо болгон окуя. Бир тамада аял, мени эки саат ырдаганга чыгарбай….мен ага барып мени чыгарып коюңузчу антракта болбосо, жок дегенде ага чейин чыгарып коюңузчу деп жакшы айтып…бир топ жолу сурансам дагы тоготпой….той ээлери 3-4 жолу барып Айгеримди чыгар десе дагы, чыгарбай…той ээлерин укпай, өз билемдик кылып таңгалдырды. Мени түнкү 11:45 чыгарды, той почти бүтүп калган. Той ээлерин жакшы тааныгандыктан сыйлап күтүп отурдум. Ырдап бүтүп : Эмнеге андай кылдыңыз? Той ээлери суранса дагы 2 сааттын ичинде чыгарган жоксуз десем: Мен өзүм билем, кааласам чыгарам, каалабасам чыгарбайм , сен кимсин деп ажылдап келип күтүсүз жерден биринчи кол көтөрдү) Кош бойлуу аял алсыз, мага жооп кайтаралбайт деп ойлодубу,  айтор андан кийин озу менден «МАЙЛУУ» жообун алды. Чачынан судуроп эшикке алып чыгып бараттым эле, кишилер кармап калышты. Кош бойлуу аялга кол салган, дүйнөдөгү эң кыркы НАЧАР адам!!! Мен жакындарыма айтып, аларды аралаштырган жокмун! Бул адамды сыйлачуумун, сыртынан жакшы адам көрүнчү, кимден болсо дагы бул адамдан күткөн эмесмин….бирок чындыгында сырты жалтырак-ичи калтырак, мыйыгынан күлгөн, арам, меерез, ичи таар, бирөөнүн жакшылыгын көрө албаган адам деп ойлогон эмесмин. Бул ким десеңер: Нурзат Токтосунова. Нурзат, сен кимге ишендиң? Чоңдордун тоюн алып барып жүрүп, өзүңдү башкача сезип алдыңбы? Же чала мугалим болуп жүрүп, баарын башкарган, кыйын адам болуп көрүнгүң келдиби? Бул текеберчилик, мурдуңду асманга чейин көтөргөнүң күлкүлүү көрүнүш. Эки күндөн бери бул окуяны уккан чыгармачыл инсандар мага чалып: Эң туура кылыптырсың, бул ырчыларды адам ордуна көрбөй калган Жар-Жар талашып, тойлордон кызганып, деп бир топ нааразычылыгын айтышты. Кош бойлуу аялга биринчи кол көтөрдүңбү, ошого дитин бардыбы…эми Кудай өз жазаңды берсин!!! Бул сага аз, өзүңдүн сыйыңды, ордуңду билбесең дагы көп жолу келтек жейсин»

Айгерим Расул кызы

Автордун стили, орфографиясы жана пунктуациясы өзгөртүүсүз берилди. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: