Menu

Нарынбек Молдобаев, коомдук ишмер: “Ачык асманга” уруксат берсек, коопсуздукка коркунуч туулат, аэропорт базарга айланат

Бөлүшүү:

– Нарынбек ага, Кыргыз Өкмөтү «Ачык асман» программасын киргизүүнү демилгелеп, Жогорку Кецешке сунуштады. Бул долбоордун Кыргызстанга канчалык деңгээлде пайда-зыяны бар?

– Бул маселе 2013-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Өткөндө Өкмөт: «Учурунда бул долбоорго өз кызыкчылыктары бар көп кишилер каршы болгон», – деп айтты. Бирок бул айтылган жүйөлөр эч кандай чындыкка коошпойт. «Ачык асман» программасына каршы болгондордун эң негизги себеби, өлкө коопсуздугун сактоо. Анткени «Ачык асман» деген “аба эркиндигинин жетинчи даражасы” деп коет. Бул долбоорду киргизүү жакты угулган менен түпкүлүгүндө көптөгөн көйгөй жаратат. Кыргызстандын аба мейкиндигинде көзөмөл болбой, чек арасыз мамлекет болуп калабыз. Кайсы өлкөдөн болсун, каалаган самолёт каалаган учурда учуп келет. Кыргызстанга учуп келип транзит катары конуп жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учуп кете алат. Кайра артка келе жатканда да ошондой. Эң эле кооптуусу бир самолёт бир самолётко эмне жүк алып келип, эмне жүктөп жиберип жатканын эч ким текшере албайт. Бул жерде наркотик болушу мүмкүн. Болбосо курал-жарак, алтын болушу ыктымал. Азыркыдай экстремизм, терроризм күчөгөн заманда бул кооптуу. Ошого байланыштуу бул доолборго көп мамлекет каршы. Ошондуктан «Ачык асманды» бирин-серин өлкөдөн башка дээрлик бардык мамлекет киргизген жок. Бул эми коопсуздук жагындагы коркунуч.

Ал эми экинчи дагы бир ньюансы бар. «Ачык асман» программасы кабыл алынса, жергиликтүү авиакомпаниялар зыян тартат, банкрот болот. Кайсы мамлекет болбосун биринчи кезекте өздөрүнүн авиатармагын өнүктүрүүнү ойлойт. Булар кайра талкалап, жок кылууга шарт түзүп, чыккынчылыкка барып жатышпайбы. Мына Кореяда «Asiana Airlines», «Korean Air» деген эки эле авикомпания бар. Башка авикомпания жок. Буларга да «Ачык асман» долбоорун сунуш кылышкан. Бирок уруксат беришкен эмес. Ушул эки авиакомпаниясы дүйнө жүзүнө учуп өлкөсүнө акча түшүрүүдө. Ошондой эле авиакомпания өркүндөп өсүп байып жатат. Японияда дагы эки эле авиакомпания бар. Алар дагы «Ачык асмандан» баш тарткан. Мына бул маселе парламентте каралган жатат. Мен депутаттар бир эле нерсе боюнча «макул, биз «Ачык асманга» уруксат берели, бирок буга Бажы биримдигиндеги өлкөлөр Россия, Белоруссия, Казакстан уруксат берген бекен? Эгер беришпесе, эртең алар карты болсо кандай абалда калабыз» деген суроо беришсе дейт элем. Өкмөт бул маселени жакшылап талдап, анализдесе болмок. Анткени мына 2016-жылы Кытайдан 9 миллиард долларга Кыргызстанга товар кириптир. Бул Кытай өлкөсүнүн бажы тармагынын статистикасы. Ал эми Кыргызстандыкы боюнча 4 миллиард доллар деп катгалган. Айырма 5 миллиард болуп жатат. Эмнеге мындай болуп калды деген суроону Россия берди. Ошондой суроо кийин да жаралат. Анткени Кыргызстанга конуп-учкан самолёттор канча көлөмдө жүк, эмне жүк алып келип, кайсы өлкөгө жөнөтүп жатканын көзөмөлдөй албай калабыз. Биздин аэропорт базарга айланып калат. Бирок бул маселени эске албай же эске алгысы келбей жатканына караганда, мунун артында эл аралык чоң күч, кызыкчылык бар го деп ойлойм.

– Өкмөт «Ачык асман» программасын кабыл алсак элге жакшы болот. Билеттер арзан болуп, каалаган өлкөгө учуп жеңилдик түзүлөт. Туристтер көп келип, өлкөгө акча көп түшөт деген жүйө келтирип жатышпайбы?..

– Эми бул болбогон аргумент. Мен туристтер «Ачык асман» программасынын кабыл алынышын күтүп, кезек күтүп турат дегенге кошулбайм. Ансыз деле келе турган туристтер келип жатат. Биздин аэропорт Борбордук Азиядагы эң мыкты аэропорт болуп саналат. Алмата менен Ташкенттин аэропортун көрүп жатасыңар, биздикине жетпейт. Дарбазаларды ачып салсак эле көйгөй чечилип калбайт. Андан көрө мамлекеттер менен официалдуу рейстерди ачып иштетиши керек. Эл арзан учуп калат дегенге да кепилдик жок.

– Биздин авиакомпаниялар кара тизмеге киргизилип калгандыктан көп өлкөлөргө уча албай жатышпайбы?..

– ИКАО деген эл аралык граждандык авиациянын организациясы бар. ООНдун атайын бир бөлүмү болуп саналат. Мына ушул ИКАО он жылдан ашты Кыргызстандын авиакомпанияларын «кара тизмеге» киргизгенине. Алар болгону 8 гана шарт койгон. Биринчи шарты – авиациялык кодекс кабыл алгыла деген. Биз кодексти кабыл алганбыз. Ушул сыяктуу талаптардын ичинде адистерди даярдоо, айлыкты көтөрүү, самолёттордун техникалык абалын жакшыртуу, автопаркты жаңылоо, авия навигацияны талапка ылайык келтирүү сыяктуу талап коюлган. Бул талаптардын дээрлик көбү чечилип калган. Анча-мынча маселе калган. Өкмөт жакшылап көңүл бөлүп аракет кылса эле «кара тизмеден» чыгууга мүмкүнчүлүк жетет.

Учурда биздин авиакомпаниялар Европага, Америкага жана башка өнүккөн өлкөлөргө уча алышпайт. Кыргызстандын компаниялары болгону Россияга, Кытайга, Озбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Индия, Дубай, Монголияга гана уча алат. Башка өлкөлөргө Алмата, Москва, Стамбул аркылуу учабыз. Ошол өлкөрдүн бюджетин толтуруп, авиакомпанияларын байытып жатабыз. Эгер «Кара тизмеден» чыксак, дүйнөнүн болгон бурчуна учууга мүмкүндүк болот. Акча өзүбүздө калмак. Авиакомпаниялар байымак. Намыс үчүн болсо да ушул маселени чечүүнүн үстүндө иштесек болмок. Мына азыр биздин уча турган самолёттордун саны, аба судна деп коёт, болгону 39 эле экен. Отуз самолёт, 9 вертолёт. Анын ичинде учууга жарактуусу 19 эле. Экөө вертолёт. Авиатармак кирешелүү болуш керек. Мына «Пегасус» деген же-ке компания бизден каттоодон өтүп, Индия, Кытай, Түркия, Россия жана башка жактарга учуп жатат. Биздин «Кыргызстан аба жолдору» банкрот болуп отурат. Өкмөтушул маселеге көңүл бурушу керек болчу.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: