Menu

Бактыбек Райымкулов, депутат: Министр Чолпонбаевдин медицина тармагын оңдоп кетери арсар

Бөлүшүү:

– Бактыбек Кемелбекович, медицина тармагына жыл сайын миллиондогон сом каражат бөлүнөт. Бирок, калкты тейлөөдө кандайдыр бир өзгөрүүлөр, оң жылыштар байкалбайт. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Туура, бүгүнкү күндө медицина тармагына бир топ эле акча бөлүнөт. Бирок, бөлүнгөн менен аймактарда, райондордо, айылдарда саламаттык сактоо мекемелеринин абалы оор. Мына, кечээ жакында эле округдан келдик. ФАПтарды кыдырсак, ыйлай турган абалда экен. Жайгашкан жери союз учурунда салынган имаратгар, ичиндеги жабдууларынын бир тобу таланып кеткен, айнек-терезелери сынган. Кышында жылытуу боюнча маселе абдан чоң. Биздин жарандар ооруканага барганда «акысыз» деген менен баардык дары-дармекти акчага сатып алышат. Дароо кабыл алышы да кыйын, тааныштары аркылуу жатышат. Кечээ күнү министр өзү айтып кетти, «менчик кардиологиялык клиникалар ачылып жатат, бирок, ал жакта кымбат» деп. Мен айтаар элем, кымбат болгону менен ал жакта ыңгайлуу. Ошол төлөнгөн акча менен врачтар айлык алып, имараттарын ремонт кылып, бирок, жарандарга да жакшы шартты түзүп беришет. Ал эми мамлекеттик кардиологиялык ооруканаларга акча төлөнгөн менен ал жердеги врачтардын, медайымдардын айлыгы мамлекеттин эсебинен. Эсептей келеек, мамлекеттик кардиология кымбатка туруп калат экен. Ошон үчүн системаны өзгөртүп, башка жакка бурбасак болбойт. Буга чейин Талант Батыралиев министр болуп турду. «Системаны өзгөртөм» деп такыр күчү жеткен жок. Президент да колдоду аны, Жогорку Кеңеш, өкмөт да колдоду. Азыркы министр Космосбек Чолпонбаевдин кучу жетеби-жетпейби, ачык айтканда, билбейм. Региондордогу эле эмес, Бишкектеги ооруканалардын да шарттары өтө начар.

-Аида балким, мамлекеттик ооруканаларга каражат болуунун кереги жоктур?

– Бонус системасы колдонулса врачтарга стимул болот беле? Врачтардын айлыгы 15-20 миң сом, аны менен жыргатып оокат кыла алышпайт да. Региондордо иштегендердики 3-5 миң экен. Анан алар кантип үй-бүлөсүн багышат? Жумушка барып келген жолкиресине да жетпейт. Ошол эле учурда менчик клиникаларда иштеп жаткандардын айлыктары 2-3 миң долларга чейин. Жакшы врачтыкы он миң долларды чапчыйт. Анткени, ал кылган ишине жараша алат. Мамлекеттик ооруканаларда иштеген врачтарга да ошондой стимул боло турган шартты киргизүү керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: