Menu

Исхак Масалиев, депутат: Президент кол койгон соң мунапыс ишке ашат

Бөлүшүү:

– Исхак мырза, учурда парламент депутаты катары жабык жайлардагы миңдеген жазасын өтөп жатышкан жарандарыбыз үчүн мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан турбайсызбы? Мындай идеяңыз качан иш жүзүнө ашчудай?

– Идея качан ишке ашышына азырынча көзү ачыктык кыла албайм. Парламенттен кабыл алынып, президент кол койгондон кийин мунапыс ишке ашат. Учурда бул мыйзам долбоору парламенттин тийиштүү комитетинен өтө элек. Долбоорду өкмөт да карап жатат.

– Эгерде мунапыс мыйзамы кабыл алынып калса, жаза өтөп жаткан канча жараныбыз эркиндикке чыгышы мүмкүн? Бул мунапыс мыйзамы саясый негизде камакка алынган Өмүрбек Текебаев, Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов баштаган саясатчыларга да тийиштүүбү?

– Адеп бул демилге талкууга кирсин, ошондон кийин гана калганын сүйлөшөлү. Биз дагы бул жагын терең кароого аракеттенебиз.

– Комитеттин кечээги жыйынында сиз БШК мүчөсү Джурабаеванын столунан тыңшоочу аппарат табылганын айтып, укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуш кылдыңыз? Бул канчалык так маалымат?

– Ага чейин депутат Мирлан Жээнчороев Оштогу бажы кызматынын жетекчисинин кабинетинде тыңшоочу аппарат табылганы боюнча маселе көтөргөн. Бирок, маселе көтөрүлгөн бойдон калып кеткен. Экинчиси, Талант Исаев болгон. Үчүнчүсү, Гүлнара Джурабаева отурган жерден тыңшоочу аппарат табылып отурат. Ошондуктан, мен укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуш кылдым. Кызык болуп атат да, «куран окулган жерден тыңшоо» деген… НПОлорду тыңшоонун эмне кереги бар? Алар ачык эле айтып атышпайбы, жашырган эчтекеси жок. Эгер чет элден бирдеке ала турган болсо, аны бул жерде сүйлөшпөйт да. Мен ошого таңкалып атам. Же бул бирөөлөр тарабынан атайын жасалган жумуш болуп атабы? Мен билем, атайын кызматтар кээде мындай нерсени колдонот. Ал УПКда деле бар, мыйзамда деле такталган. Бирок, столго скотч менен клейлеп коюп, анысы ажырап жерге түшүп кетип… Бул «кесиптик деңгээли ушунчалык төмөн» деген сөз да.

– «Атайын кызматтар кээде колдонот» деп атпайсызбы, анын процедурасы кандай?

– Иш козголсо соттон уруксат алып туруп, жашыруун тыңшоо жүргүзсө болот. Себеби, ал кагазга жазылып, убакыт келгенде жооп берет да. Сен жөндөн-жөн эле аңдыдыңбы, же себеп болгонбу? «Террористтик акты, же төңкөрүш даярдап атканы боюнча маалымат бар эле, ошол себептен биз иш козгоп туруп, андан кийин тыңшоого алганбыз» деп айтышы мүмкүн. Айрыкча азыркы учурда терроризмге, коррупцияга каршы күрөшүүдө ансыз болбойт. Бирок, анын жол-жобосу бар. Мен өзүм милицияда иштегем, биз деле айрым учурда ошондой ыкмаларды колдонуп жүргөнбүз. Бирок, министрликтен уруксат алып жасалчу.

– Эгер кеп мамлекеттин коопсуздугу, же коррупцияга каршы күрөш тууралуу болуп жатса, мыйзамды кыйгап өтүүгө болобу?

– Болушу мүмкүн. Бирок, ал материалдарды колдоно албайт. Ал мыйзамдуу катары эсептелбейт. Кеп ошондо да. А эгер кылмыш иши болсо булар ар бир кадамды документтештирет, себеби, кийин сотто керек болот да. Ал эми жөн эле жазып алып коркуткан… Биз ал замандан өткөнбүз. 2010-жылы менин сөздөрүмдү жаздырып алып, телевизордон түшүрбөй коюшпадыбы. Ал «ооба», «ооба» деген төрт эле сөз болчу. Мен Канат Исаевдин сүйлөшүүсүн деле уктум. Ал жерде сөз шайлоо жөнүндө болгон. «Атамбаевди кетиребиз, бийликти өзгөртөбүз» деген сөздөр болгон эмес да. Бирок, алдын ала коомчулукка жарыялап, кошумча комментарий бергенде төрт жөнөкөй сөздү акмакчылыкка алып барса болот. Отуз жетинчи жылдардагы репрессиянын башатында ушундай нерселер турган. Жалган жалаа жаап жарыялай берсе элдин кыжыры келип, «тү-ү, душман турбайбы» дейт да. Атамбаевдин тушунда ушул нерсе кайталанды. «Подонок», «негодяй» деген сөздөрдү Атамбаев колдонду. Бул президент айта турган сөз эмес да.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: