Жапониялык миллиардер, искусство коллекционери Юсаку Маэдзава 2023-жылы SpaceX компаниясынын Big Falcon Rocket ракета алып жүрүүчүсү менен Айга учуп бара турган алгачкы космостук турист болот. Бул тууралуу компания Твиттер баракчасы аркылуу кабарлады.
Маэдзава өзү менен бирге Айга учууга сүрөтчү, музыкант, модельер жана режиссерлордон турган дүйнөдөгү алты же сегиз искусство ишмерин чакыра турганын билдирди. Азырынча алардын аты-жөнү жана Айга учуу үчүн Маэдзаванын SpaceX компаниясына канча акча төлөй тургандыгы белгисиз.
Илон Масктын SpaceX жеке космостук компаниясы Айга туристтик учууларды ачканын былтыр февралда жарыялаган. Алгач биринчи жолу Айды айланып учуу 2018-жылга белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ