Menu

Элге бергениң текке кетпейт

Бөлүшүү:

Эзелтен элибизде ушундай кеп бар. Таасын айтылган мындай нусканы жашоодо эш туткан инсандарыбызды көрүп, жөн гана жүрөк жылыганынан алар туралуу кыскача болсо да баян этип коёлу да. Аксыдан чыккан Каныбек Туманбаев аттуу азамат ушул күндөрү Жогорку Кеңешке келчү депутаттык мандатынан баш тартарын (КСДПдан), мындан ары саясатсыз эле элге дем берүүгө баш байларын угуп кубандык. Алдыдагы парламенттик шайлоого да катышпасын, идиректүү жаштарды материалдык жактан колдоого алып, сүрөөнчү болуп берерин жашырбады. Учурда каарманыбыз ата-энеси таштап кеткен, багар-көрөрү жок 37 кызды өз карамагына алып, аларга арнап имарат куруп, 8 тарбиячы кыз жалдап, 5 маал ысык тамагын беруу менен секелектер эрезеге жеткиче кеткен чыгымын өзү көтөрүп жатканы кандай алкоого татыйт? Алыскы Аксы районундагы ар бир айылды куру койбой, бирине мектеп, кээсине жол, бала бакча, оорукана, мечит салдырып, катар-катар спорт залдарды эч кимге колко кылбай куруп бергени эмне деген баага татыйт? Буларды курууда мамлекетке төккөн салыктарычы? Баш-аягы районго акыркы 7 жылда 30 миллион сомго чукул каражатын которгон бизнесменибиздин керектүү иштерин мезгил-мезгили менен чагылдырып, өзү айтпаса да башкабыз айтып койгонго неге болбосун? А Бишкек шаарындагы спорт залдары менен спортсмендерге көргөн камкордугу боюнча сөз алдыда.

Канжар Борпошов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: