Menu

Президенттин Пирматов, Жапаров, Нурлан Сулаймановго тиши өтпөйбү?

Бөлүшүү:

Бийлик коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн айткан менен куру челекти калдыратып жатканы айкын көрүнүп калды. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында 35 коррупционердин тизмеси бардыгын айткан. Бирок алардан али кабар жок. Андан кийин: «Коррупционерлерди ачык атагыла, чара көрөбүз» – деген. Коомчулук, маалымат булактары коррупционерлерди ачык атап жазып жатат, чара көргөн жан жок. Эл арасында коррупцияга каршы күрөш тандалма, өң карама мамиледен көтөрүлбөй жатканы айтылып жатат. Мына Сокулук районунда 2 бөтөлкө арак уурдаган адам 3 жылга кесилди. Ал эми мамлекетти миллиондогон сомго сызга отургузганы үчүн Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров, Музаффар Исаков, Нурлан Сулаймановдордун кылы кыйшайбай басып жүрөт. Президент эмнегедир башкы көзөмөл органы кылмыш ишин козгогон коррупцияга шектүүлөргө эмнеге чара көрүлбөй жатканына кызыкпай же билмексенге салганы элдин ишеничине суу себүүдө. Анан мыйзам алдында баары бирдей деген жасалма ураанга ким ишенмек эле.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: