Алмазбек Атамбаев президент кезде этегине намаз окуп, колунан сыйлык алып шаңыраңдап жүргөн «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов: “Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө барбайм. СМС жазып дагы куттуктабайм”, – деп жар салды. Кызыгы, анын барган барбаганы элге кызык деле эмес. Болгону туулган күнгө барбай турганын эмне максатта эрдик кылгандай сүйүнчүлөп жатат болду экен? Бул жоругу менен алкынды самындай алаканга токтобой жылмышкан жүзүн көрсөтүптүр. Нышанов кезинде “Алмазбек Шаршеновичке “Кыргызстандын баатыры” деген наам берүү керек”, – деп Жогорку Кеңештин жыйынында демилге көтөрүп бакылдап турган учурун эсинен чыгарып жиберсе, эл унута элек.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ