Menu

“Жооштон жоон чыгат” дегендей Кубатбек Бороновдун элиталык 50 квартирасы бар экен…

Бөлүшүү:

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өзүнө тагылган милдетти тартып кете албай, жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатканы үлкөндөр тарабынан талкууланып, кызмат ордуна татыктуубу деген маселе күн тартибинде турат. Анткени «Көчмөндөр оюндарынын» уюштуруу иштерине жооптуу катары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Кырчындан кайтканда капчыгайда тыгында калышы боюнча маселеде жоопкерчилик тартчулардын сап башында. Бул аз келгенсип, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жаңы курулган көп кабаттуу үйлөргө өрт коопсуздугуна уруксат бериш үчүн ар бир салынган үйдөн бирден квартира алып турганы боюнча маалыматтар чыгып, текшерүү жүрүп жатыптыр. Министр болгонго чейин көптүн бири катары жүргөн Бороновдун учурда бери дегенде элиталык 50 квартирасы бар экени кеп болуп жатат. Мына сага, “жооштон жоон чыгат” деген ушул эмеспи…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: