Menu

Каржы полициясы контрафактылык бут кийимдерди сатуу фактысын аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Детективдеринин ассоциацисы менен бирге ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, бөтөн товардык белгилерди мыйзамсыз ээлик кылуу, колдонуу фактысын аныкташты. Бул тууралу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирет.

КРӨгө караштуу ЭККМКга Бишкек шаарынын ишкерлеринин бири бренддик элита бут кийимдерин мыйзамсыз сатып жаткан белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөндө сапаты жана өндүрүшү шек жаратып жаткан бренд сыяктуу бут кийим контролдук негизде сатылып алынып, андан кийин ал экспертизага берилген, натыйжада аталган товар даярдоочунун заводунан өндүрүлүп, өзгөчөлөнгөн бут кийимдин сапатына туура келбегендиги аныкталды.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренесинде (товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектелип жаткан “Б.К.” жана “Ш.М.” деген жарандардан контрафактылык продукция алынган. Шектелип жаткан жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында укук ээси болжол менен 800 миң сомдон көп зыян тарткан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын жарандарын автордук жана чектеш укуктарды бузган фактыларды билип калган учурда КРӨгө караштуу ЭККМКга арыз менен кайрылууга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: