Menu

УКМК: Ысык-Көл облусунда тыюу салынган ДЭУ тарапкерлери мүчөлүктөн баш тартышты

Бөлүшүү:

9-сентябрда КР МУКК тарабынан диний-экстремисттик (ДЭУ) жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Ысык-Көл областындагы диний кырдаал боюнча түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында Түп районунда алдын-алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын катышучуулары «Йакын Инкар», ошондой эле«Хизбут-Тахрир» жана «Салафизм», «Ваххабизм» сыяктуу салттуу эмес диний агымдарды дискредитациялаган идеологиялар боюнча маалыматтарга күбө болушту. Радикалдуу ДЭУ идеяларын жаштар арасында жайылтуу көйгөйлөрү белгиленди.

Жергиликтүү дин өкүлдөрү Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарына кошулуп, Сириядагы согуш аракетине катышууга КР жарандарынын, өзгөчө жаштардын чыгып кетип жаткан фактысына өзгөчө көңүл бурушту.

Иш-чаранын жүршүндө «Йакын Инкар» уюмунун 3 активдүү мүчөсү диний-экстремисттик идеологиясын четке кагып, өз ыктыяры менен «Йакын Инкар» уюмунун катарынан расмий түрдө баш тарткандыгын билдиришти. Алар коомчулук алдында каталарын толугу менен моюндарына алышып, бул идеологиянын пайдасыздыгын белгилешип, жергиликтүү элдерди, өзгөчө жаштарды аталган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс таасиринен сак болуусуна жана аралашпоосуна чакырышты.

МУКК диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча ишин улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: