Menu

Япон таануу боюнча библиография жарык көрдү

Бөлүшүү:

Аталган библиографияны УИА Сикоку университети менен биргелешип чыгарган.

Аталган китеп УИАнын Дуңган таануу жана кытай таануу борборунун, Сикоку университетинин жана Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин биргелешкен  “Кыргызстандагы япон таануу боюнча  библиография” долбоору болуп эсептелет.

Китепте кыргыз япон таануусу боюнча теориянын жана практикасынын илимий изилдөөсү сунушталган. Басылма студенттер, аспиранттар, докторанттар, ошондой эле Кыргызстандагы япон таануу маселелерине кызыккандар үчүн арналган.

Сикоку университети менен Улуттук илимдер академиясы биргелешип бул китепти чыгаруу менен катар кызматташуу, жаш окумуштуулардын башын бириктирип илимий долбоорлорду ишке ашыруу  жөнүндө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: