Menu

Өзбекстанда Журналистика университетинин ректору улут аралык кастыкты козутууга айыпталууда

Бөлүшүү:

Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору, Эл аралык пресс-клубдун башчысы Шерзод Кудратходжаев орус улутундагы аял менен чырдашкан учуру тартылган видео боюнча комментарий берди.

Шерзод Кудратходжаевдин айтымында, окуя бир ай мурун болгон. Ал улут аралык кастыкты козутпаганын, сүйлөгөн сөзүнүн мазмуну өзгөртүлүп берилгенин билдирүүдө.
“Университеттин жанында кеңсе салынып, ремонт иштери жүрүп жаткан. Жол боюна коммуналдык кызматтар бир нече түтүк жаткырып, бирок асфальт төшөөнү унутуп кетишкен экен. Ал күнү жергиликтүү тургундар, администрация кызматкерлери жана коммуналдык кызмат өкүлдөрү чогулуп, талашып-тартышып жатышыптыр. Мен чогулгандарга барып, жеке тургундардын позициясын колдоп, мурда бул жерде жакшы жол болгонун, азыр баарын казып салышканын айттым. Анан эле бир аял мага жакын келип, сөөмөйүн кезеп, “орусча сүйлө” деп кыйкырып кирди”, – деп түшүндүрдү ректор.

Шерзод Кудратходжаев ал аялга “Өзүңдүн Орусияңа кете бер” деп айтпаганын билдирди. Ректор Өзбекстанга тролль менен алектенбеген, объективдүү журналисттер керек деп эсептейт.

Шерзод Кудратходжаевдин видеокайрылуусунан кийин “Фергана” сайтында ректор менен чырдашкан ташкенттик жашоочу Татьяна Закированын жообу чыкты.

“Фергана” маалымдагандай, Закирова 2007-жылдан бери шаардагы мыйзамсыз курулуш иштерине каршы күрөшүп келет. Ташкентте 42 жылдан бери жашайт. Өзбек тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок өзүн шаардын патриотумун деп эсептейт.

Татьяна Закированын айтымында, окуя болгон күнү эч ким урушкан эмес, ремонт иштерин тездетүү зарылдыгын сүйлөшүп турушкан, бирок университеттин ректору келип, үнүн өктөм чыгарып, өзбек тилинде сүйлөгөн. Закирова андан орусча сүйлөөнү сураганын, бирок кемсинтүүгө кабылганын, ректор ага: “Сен өзбек нанын жеп жатасың, бар, Путинге барып даттан” деп айтканын билдирди.

Өзбекстанда 1989-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, өзбек тили мамлекеттик макамга ээ. Бирок өлкөдө жашаган башка улуттардын тилин кодулоого укук берилген эмес. Административдик мыйзам боюнча Өзбекстанда жашаган башка улуттардын тилине орой мамиле жасагандарга айып пул салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: