Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчилигине Эмил Осмонбетовдун, Өкмөттүн аппарат жетекчи кызматына Шамилбек Асымбековдун, Юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун талапкерлигин сунуштады. Эмил мырза «Кыргызалтын» ишканасыньш директорлор кеңешинин мүчөсү болот. Сыягы, «Республика – Ата-Журт» фракциясы кресло талашып жатып, “ашың тургай табагыңды таап ал” болушту окшойт. Ал эми Өкмөттүн аппарат кызматынын башчылыгына бараткан Шамилбек мырза аппарат жетекчилигинен алынган Мурат Мукамбетовдун орун басары болуп иштеп келген. Юстициянын тизгинин мыкчый турган Марат мырза болсо өкмөттүн юридика бөлүмүн жетектеп келген.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ