Menu

Сирия Россиянын учагын жаңылыш атып түшүрүп, 15 орус жоокери курман болду

Бөлүшүү:

Орусиянын Коргоо министрлиги Жер ортолук деңизде атып түшүрүлгөн Ил-20 учагындагы 15 аскер кызматкери курман болгонун ырастап, бул үчүн Израилди айыптады.

Мекеменин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков окуяны «израиль учкучтарынын атайын жасаган чагымы» деп атады. Анын айтымында, Израиль Сирияга сокку жасоого даярданып жаткандыгы тууралуу эскертпегендиктен улам, Ил-20 учагы Сириянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан кокустан атылып түшүрүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги «Израилдин аракеттерине карата адекваттуу жооп берүүгө» укуктуу экенин билдирди. Азырынча Израиль бул билдирүүгө жооп бере элек.

Орусиянын Ил-20 учагы Сириянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан кечээ кечинде атылып түшүрүлгөн. Окуя израиль авиациясынын Латакия провинциясындагы соккуларын кайтаруу маалында болгон.

Израиль Сирия президенти Башар Асаддын аскердик объектилерине байма-бай соккуларды жасап келет. Орусия Асаддын эң башкы союздашы болуп эсептелет. Акыркы жумаларда Орусия авиациясы куралдуу көтөрүлүшчүлөр жайгашкан Идлиб провинциясын бомбалоо операциясына катышууда. Эл аралык коомчулук аймакка чабуул коюуга каршы болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: